Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 8-июлу № 114
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "225," деген цифралар менен толукталсын;
2) 225-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "500" жана "1000" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "1000" жана "1500" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен 3000ден 15000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) он төрт жашка чейинки курактагы балдар үчүн арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;
2) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор зыян келтирүү менен;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -
мүлкүн конфискациялоо менен 15000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |