КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июну № 1268-VII
Ш.А.Айтиевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Айтиев Шухрат Анварович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Шакиев |