Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-мартындагы № 2
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-июнундагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” № 5 Мыйзамынын 5-беренесинин 7-8-пункттарын жетекчиликке алып депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын он алтынчы сессиясы токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча реестри бекитилсин. (Тиркеме 2 баракта)
2. Муниципалдык кызматтардын кошумча реестрине зарылдык жаралган учурда өзгөртүү киргизүүгө боло тургандыгы эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага
Төрага |
| Т.Койчубаев |
| Миң-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-мартындагы №2 токтому менен бекитилген |
Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестри
№ к/н | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү/акысыз) |
1 | Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү багар-көрөрү жок жалгыз бой жарандарга жана турмуштун оор кырдаалына кабылган жарандарды көмүр менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
2 | Миң-Булак айыл аймагындагы гемодиализ алып жаткан жарандарга, кургак учук менен ооругандыгы боюнча учетто турган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү онкологиялык ооруулар менен ооруган жарандарга, аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү кант диабети менен ооруп инсулин алып жүргөн жарандарга бир жолу материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
3 | Миң-Булак айыл өкмөтүндө көзөмөлгө алынган турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына кыш мезгилине карата жылуу кийим-кече менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
4 | Миң-Булак айыл айыл өкмөтүндө көзөмөлгө алынган жарым жетим балдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жайкы эс алууга жөнөтүү. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жайкы лагерь уюштуруу. | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
5 | Райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катыша турган окуучуларга жол кире чыгымдарын төлөп берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
6 | Грек-рим күрөшү, жаа атуу, капио ыргытуу, ядро түртүү, футбол оюндары боюнча мелдешке катышкан мектеп окуучуларына жана 50 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин футболдук командасына жол кире чыгымдарын төлөп берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
7 | Музыкалык, компьютердик, спорттук, предметтик ийримдерди уюштуруу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
8 | Мектеп окуучуларына патриоттук, каада-салттарды билүү жөнүндө, тарыхий, тарбиялык маанидеги мультфильмдерди, кинотасмаларды көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
Жооптуу катчы |
| А.Акматова |