Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Май айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү сессиясы

 

2023-жылдын 08-февралындагы № 33

 

Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекетик агентигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 262 сандуу буйругун, КР Президентинин Талас обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022- жылдын 19-сентябрындагы № 260-б сандуу буйругун аткаруу максатында жана айылы өкмөтүнүн 2022-жылдын 06-октябрындагы № 174 сандуу буйругунун негизинде Май айыл Кенеши токтом кылат:

 

1. Айыл аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү деп жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Май айыл өкмөт башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин

 

 

Төрайым

 

С.Турсунова