Загрузка документа…
| 16-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Миң-Куш айылын
тиричилик жактан камсыздоо ишканасы”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ) Министрликке караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин бирдиктүү системасын анын аппараты жана өкүлчүлүктөрү түзөт.
4. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Предприятие жизнеобеспечения села Мин-Куш” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
5. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Жизнеобеспечение села Мин-Куш”.
6. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 722712; Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы, 17-аянтча, Пионер көчөсү, 16.
7. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат, “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИге бекитилген мүлккө ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону жүргүзөт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
9. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
10. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган анын ишинин предметине жана максаттарына шайкеш келүүчү жарандык укуктары бар жана бул ишине байланышкан милдеттерди аткарат. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
11. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы жана бланктары бар.
12. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү: суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу болуп саналат.
13. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишинин максаттары суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу болуп саналат.
14. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин негизги милдеттери суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу болуп саналат.
15. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
16. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
17. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
18. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
19. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип, өкүлчүлүктөр аркылуу жүргүзөт.
20. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
21. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген өндүрүштүк программанын аткарылышын камсыздайт;
2) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын курамына кирген инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт, анын ичинде:
– суу топтоочу курулмалар, алардын жардамы менен табигый булактардан суу кабыл алынат;
– сууну тазалоочу, сактоочу же керектөөчү жерлерге берүүчү суу көтөрүүчү курулмалар, насостук станциялар;
– сууну керектөөчү жерлерге ташуу жана берүү үчүн кызмат кылуучу суу өткөргүчтөр жана суу түтүктөрү тармактары;
– суу менен камсыздоо системасында жөнгө салуучу жана запастык идиштердин ролун ойногон мунаралар жана резервуарлар;
– жер астындагы турбопроводдор, өзү агуучу агынды сууларды чыгаруу жана тазалоо системалары;
3) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүргүзөт, монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоо-калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзөт;
4) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда күтүү, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги ичүүчү суу менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) аварияларды жоюу, иштен чыккан суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын алмаштыруу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууну жүргүзөт, ошондой эле зарыл болгон учурда мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тапшырмаларынын негизинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык отунду даярдайт;
7) ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт;
8) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын пайдалануунун бир кыйла заманбап методдорун, ошондой эле жаңы технологияларды ишке киргизет;
9) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын инженердик курулмаларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыздайт;
10) авариялардын алдын алуу, жоюу жана көмөкчү жабдуулар боюнча оперативдүү ишти уюштурат, авариялардын себептерин табат жана аларды жоюу боюнча чараларды көрөт;
11) Миң-Куш айылынын калкын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы жүргүзөт;
12) катуу тиричилик калдыктарын үзгүлтүксүз ташып чыгууну камсыздайт, Миң-Куш айылын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү (жашылдандыруу) боюнча иштерди аткарат;
13) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан коррупциянын алдын алуу жаатындагы саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
14) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргонуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
22. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ өз функцияларын жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болгон жабдуулар менен башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди ишке тартууга;
7) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн ишке тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелердин катышуучусу болууга (мүчө болууга);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга;
14) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
23. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга отчетту өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
24. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишин директор жетектейт, аны мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
25. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
26. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу, ошондой эле анын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
27.“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар, анын ичинде жоюлган;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдардын кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
28. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директору:
1) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишин жалпы жетектейт жана “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарды, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүргүзөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин атынан чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыздайт;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) макулдашуу боюнча локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана ченемдик-техникалык мүнөздөгү башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин аппаратынын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Ошол эле учурда директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аппаратты жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
12) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин бекитилген бюджетине ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
13) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт жана ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
15) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
17) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) келерки финансылык жылга “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) келерки финансылык жылга “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
21) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) инженердик инфраструктуранын объекттерин натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда күтүүгө, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздоо үчүн жооптуу болот;
25) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
26) кызматтык нускамаларды, кызматка квалификациялык талаптарды, “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, анын кызматкерлеринин коопсуз эмгек шарттарын камсыздоо жөнүндө уставды бекитет;
27) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
28) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
29) белгиленген тартипте “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
30) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
31) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук агартууга багытталган чараларды көрөт;
32) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга катышат;
33) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйынында өзүнүн иши жана “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин иши жөнүндө отчет берет;
34) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерди кошпогондо, “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
35) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
29. Директор жок болгон учурда “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган кызматкер жетектейт.
30. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган улук мастер аткарат.
6-глава. Финансы-чарбалык иш, эсепке алуу жана
отчеттуулук
31. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ өз ишин республикалык бюджеттен каржылоо жана чарбалык эсеп жүргүзүү принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарга ээ.
32. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык өзүнүн финансы-чарбалык ишин жүргүзөт.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын формулировкасын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
33. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
34. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИни күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
35. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары жана наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
36. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдор менен шериктештиктердин уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
37. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарымсыз негизде “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИни күтүүгө чыгымдар каржыланат.
38. Продукциянын (суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу) өздүк наркын аныктоо жана суу менен камсыздоого жана саркынды сууларды чыгарууга тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
39. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү аркылуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
40. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
41. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык чарба жүргүзүү, ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
42. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИге бекитип берилет.
43. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулат, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет.
44. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөрдү жана бюджетке төлөмдөрдү, кредиттерди жана башка зайымдык каражаттарды төлөгөндөн кийин “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
45. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
46. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИ тышкы аудитти жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
47. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду күтүүгө чыгымдарды каржылоо “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
48. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
49. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
50. “Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы” МИнин иш процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.