Загрузка документа…
| 18-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине
караштуу “Чүй адистештирилген көчмө механикалык
колоннасы” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Чүй АКМК” МИ) Министрликке караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” филиалынын укугун улантуучусу болуп саналат.
2. “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасынын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Чуйская специализированная передвижная механизированная колонна» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики»;
4. “Чүй АКМК” МИнин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Чүй АКМК” МИ;
– расмий тилде: ГП «Чуйская СПМК» .
5. “Чүй АКМК” МИнин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Багижский чолок көчөсү, 78.
6. “Чүй АКМК” МИнин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук статус
7. “Чүй АКМК” МИнин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат, ал “Чүй АКМК” МИге бекитилген мүлктүн менчик ээсинин укуктарын жүзөгө ашырат.
Министрлик тармактык маселелер боюнча “Чүй АКМК” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландаштырууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.
“Чүй АКМК” МИнин финансылык-чарбалык ишине жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышына контролду мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
8. “Чүй АКМК” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Чүй АКМК” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган өзүнүн ишинин предметине жана максаттарына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана бул иш менен байланышкан милдеттерди тартат.
10. “Чүй АКМК” МИ белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелерде эсептешүү, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
11. “Чүй АКМК” МИ мамлекеттик жана расмий тилдерде “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканасынын толук юридикалык аталышын камтыган мөөрлөргө, штамптарга, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемага жана бланктарга ээ.
12. “Чүй АКМК” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
13. “Чүй АКМК” МИ чарбалык иштин натыйжасында алынган жана өз функцияларын аткаруу үчүн бекитилип берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен оперативдүү башкаруу укугуна ээ болгон негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан жана башка материалдык баалуулуктардан жана ишкананын карамагына өткөрүлүп берилген мүлктөн турган мүлккө ээ.
14. “Чүй АКМК” МИнин өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алынышы мүмкүн болгон өз каражаттары жана мүлкү менен жооп берет.
3-глава. Негизги функциялары
15. “Чүй АКМК” МИнин ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрү: башкы подрядчынын функцияларын аткаруу, имараттарды жана курулмаларды, откана жабдууларын, жылытуу пункттарын жана жылуулук трассаларын куруу жана капиталдык оңдоо, монтаждоо, демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү.
16. “Чүй АКМК” МИнин ишинин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жаңы курулуш жана оңдоп-түздөө иштери, отканалардын, жылытуу пункттарынын жана жылуулук трассаларынын жылуулук техникалык жабдууларын тейлөө иштери жана режимдик-ишке киргизүү сыноолору;
2) ички жана тышкы инженердик тармактар боюнча иштерди аткаруу,
3) иштердин өзгөчө түрлөрүн аткаруу (кирпич кыноо жана эрибес материалдар менен каптоо иштери);
4) желдетүү, санитардык-техникалык, газ жана электротехникалык буюмдарды жана камдоолорду монтаждоо;
5) казуу иштерин жүргүзүү;
6) имараттардын жана курулуштардын металл конструкцияларын монтаждоо;
7) монолиттүү бетон жана темир-бетон конструкцияларын орнотуу;
8) курама бетон жана темир-бетон конструкцияларын монтаждоо;
9) отканаларды куруу жана оңдоо (14 кгс/см2 чейин буу басымы астында иштеген, суу ысытуу температурасы 75°– 95°С чейин жана буунун температурасы 180° чейин жеткен отканалар);
10) борбордук жылытуу пункттарын куруу;
11) суу менен камсыздоо жана канализация объекттерин куруу;
12) өндүрүштүк жана коомдук имараттарды, жана курулуштарды жаңы куруу жана оңдоо;
13) имараттардын жана курулуштардын жүк көтөрүүчү жана тосмо конструкцияларын куруу;
14) конструкцияларды жана жабдууларды коррозиядан коргоо боюнча иштер;
15) аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер;
16) жыгач конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана орнотуу;
17) болоттон суу ысытуучу от казандарды, ЧГТ (чаң-газ тазалагыч), түтүн түтүктөрүн даярдоо, көмөкчү жабдууларды жана металл конструкцияларды даярдоо;
18) суу ысытуучу жана буу казандарды жана алардын көмөкчү жабдууларын монтаждоо;
19) таш, кирпич, блоктон дубал тургузуу;
20) мамлекеттик жана жеке ишканалар жана айрым жарандар менен жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү, продукция өндүрүү жана макулдашылган бааларда сатуу боюнча чарбалык келишимдерди түзөт;
21) ишканалардан, чет өлкөлүк фирмалардан жана айрым жарандардан негизги каражаттарды сатып алат жана ижарага алат;
22) товарларды, анын ичинде өздүк продукцияларын өндүрүү жана сатуу пункттарын ачат;
23) юридикалык жактын статусуна жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык уставдык милдеттерин ишке ашыруу максатында башка аракеттерди көрөт;
24) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу кызыкчылыгында өз демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген чечимдерди кабыл алат;
25) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.
17. Иштин бардык түрлөрү “Чүй АКМК” МИ тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана лицензиялардын негизинде (лицензияланууга жаткан иштин түрлөрүнө) жүзөгө ашырылат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
18. “Чүй АКМК” МИ өз ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз атынан келишимдерди, контракттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка юридикалык аракеттерди, анын ичинде кредиттик, векселдик жана банктык операцияларды жүргүзүүгө;
2) банктык эсептерине түшкөн ишкананын акча каражаттарын өз алдынча керектөөгө;
3) ички жана тышкы рыноктордо бартердик бүтүмдөр формасында операцияларды жүргүзүүгө;
4) кредиттерди сом жана чет элдик валютада колдонууга. “Чүй АКМК” МИнин финансылык каражаттары өндүрүштүк-коммерциялык ишмердүүлүктө пайдаланылышы мүмкүн;
5) жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүүгө;
6) жаңы жылуулук менен жабдуу объекттеринин курулушун заказчы катары же чарбалык жол менен жүргүзүүгө.
19. Колдонуудагы мыйзамдарда жана ушул Уставда аныкталган укуктарды жана “Чүй АКМК” МИнин уставдык максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон башка ар кандай иштерди жүзөгө ашыра алат.
20. “Чүй АКМК” МИ өз атынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга укуктуу жана милдеттенмелери боюнча өзүнүн мүлкүнүн чегинде жоопкерчилик тартат.
21. “Чүй АКМК” МИ талаш-тартыштарды чечүүдө сот органдарында жана башка уюмдарда доогер жана/же жоопкер катары чыга алат, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган жолдор менен өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой алат.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
22. “Чүй АКМК” МИнин ишине жетекчиликти мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын ичинен дайындалган директор жүзөгө ашырат.
23. “Чүй АКМК” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга, милдеттерге ээ жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.
24. “Чүй АКМК” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматынан бошотулат.
25. “Чүй АКМК” МИнин директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Чүй АКМК” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча отчетун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Чүй АКМК” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Чүй АКМК” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
26. “Чүй АКМК” МИнин директору өзүнө берилген укуктарга ылайык “Чүй АКМК” МИнин ишинин бардык маселелерин өз алдынча чечет:
1) “Чүй АКМК” МИнин атынан бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзөт;
2) буйруктарды, тескемелерди жана башка “Чүй АКМК” МИнин компетенциясына кирген жана “Чүй АКМК” МИнин кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп саналган маселелер боюнча локалдуу документтерди жана актыларды чыгарат;
3) “Чүй АКМК” МИнин штаттык санын, эмгекке акы төлөө шарттарын жана чыгымдардын сметасын аныктайт;
4) “Чүй АКМК” МИнин адистерин кызматка дайындайт, айырмаланган кызматкерлерди сыйлайт, тартиптик жазалоо чараларын көрөт, кызматкерлерди жана кызматчыларды иш менен камсыз кылат, аларды ээлеген кызматтарынан бошотот;
5) таза пайданы бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт;
6) келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банк эсебин ачат;
7) ички тартипти жана чарбалык ишти жөнгө салуучу бардык документтерди бекитет;
8) кесиптик бирлик комитети менен бирдикте эмгекти коргоо, эмгектин натыйжаларына материалдык кызыкчылыкты жогорулатуу максатында эмгекке акы төлөөнүн белгиленген системаларын кыйла натыйжалуу пайдалануу боюнча иш-чараларды ишке ашырат.
27. “Чүй АКМК” МИнин директору ишкананын өндүрүштүк-чарбалык иши үчүн жооптуу.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчет берүү
28. “Чүй АКМК” МИни белгиленген тартипте оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.
29. “Чүй АКМК” МИнин ишинин финансылык натыйжалары жылдык бухгалтердик отчеттун негизинде белгиленет.
30. “Чүй АКМК” МИни мамлекеттик ишканасынын финансылык ишине контролдукту анын директору жана башкы бухгалтери ишке ашырат.
31. “Чүй АКМК” МИнин ишинин айрым тараптарын текшерүү жүктөлгөн мамлекеттик органдар текшерүүлөрдү өз компетенциясынын чегинде гана жүргүзүшөт.
32. “Чүй АКМК” МИнин мамлекеттик ишканасы коммерциялык сырды сактоого укуктуу. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын курамы жетекчи тарабынан аныкталат.
33. “Чүй АКМК” МИнин финансылык-чарбалык ишине ревизия мамлекеттик финансы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
34. “Чүй АКМК” МИнин мүлкү негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктардан турат.
35. Мүлктү калыптандыруунун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан, ошондой эле иштин башка түрлөрүнөн алынган кирешелер;
2) банктардан жана башка мекемелерден алынган кредиттер;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
36. “Чүй АКМК” МИнин өзүнүн чарбалык ишмердигинин натыйжасында алынган пайдага колдонуудагы мыйзамдарга ылайык салык салынууга жатат жана салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү, кредит боюнча пайыздарды, айып пулдарды жана санкцияларды төлөгөндөн кийин “Чүй АКМК” МИнин фонддорун түзүүгө жумшалат.
37. “Чүй АКМК” МИ төмөнкүдөй фонддорду түзөт:
1) резервдик фонд;
2) өндүрүш фонду;
3) социалдык өнүктүрүү фонду;
4) дем берүүчү фонд.
38. Мамлекет “Чүй АКМК” МИнин мүлктөрүн жана укуктарын, анын негизги фонддорун коргоого кепилдик берет.
39. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, “Чүй АКМК” МИден анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана ал пайдаланган башка мүлктү мамлекеттин алып коюусуна жол берилбейт.
7-глава. Уставды өзгөртүү
40. Ушул Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлик тарабынан бекитилет жана мыйзамдарда белгиленген тартипте катталууга тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
41. “Чүй АКМК” МИни кайра уюштуруу жана жоюу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
42. “Чүй АКМК” МИнин ишинин процессинде, кайра уюштурууда жана жоюлган учурда келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.