Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024 жылдын 26-апрели № 18/4-XXVIII
Мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө: Ленин айылдык кеңешинин 12.02.2018-ж.№51 "Аламудун районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосунда чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө”,12.02.2018-ж.№52 "Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларынын жер үлүштөрүн Аламудун айыл аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" ,08.04.2019-ж. №93 " Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларынын жер үлүштөрүн Аламудун айыл аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө", 19.02.2021-ж. №156/34-XXVII «Ленин айылдык кеңешинин 12.02.2018-ж. №51 "Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жөнүндө "
Мыкан айылынын тургуну К.О.Майкомбаевдин Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын чек араларын инвентаризациялоону жана тактоону демилгелөө, ошондой эле Ленин айылдык кеңешинин 12.02.2018-жылдагы №51 "Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө", 12.02.2018-жылдагы №52 "Ленин айыл аймагынын №1352-1354 контурларынын жер үлүштөрүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө", 08.04.2019-жылдагы №93 "Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларындагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө", 19.02.2021 №156/34-XXVII "Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө" мурда кабыл алынган токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык жергиликтүү кеңештер өздөрүнүн токтомдорун жана өткөн чакырылышта кабыл алынган токтомдорду төмөнкү учурларда жокко чыгарууга укуктуу:
- мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актынын жоболоруна каршы келген же мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыны ачыкка чыгарган жаңы ченемдик укуктук акт кабыл алынганда;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кенешинин мурда кабыл алынган токтомдору жокко чыгарылсын: 1) 12.02.2018-жылдагы №51 "Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө", 2) 12.02.2018-жылдагы №52 "Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурларынын жер үлүштөрүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө", 3) 08.04.2019-жылдагы №93 "Ленин айыл аймагынын 1352-1354-контурларындагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө", 4) 19.02.2021-жылдагы №156/34-XXVII "Ленин айылдык кеңешинин 12.02.2018-жылдагы №51 "Аламүдүн районунун Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чектеш чек араларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", анткени жогоруда көрсөтүлгөн токтомдор административдик аймактык чек аранын бир бөлүгүн коңшу Аламүдүн айыл аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү максатында кабыл алынган, бирок ошол эле учурда аймактык айыл аймактарынын чек араларын инвентаризациялоо жана тактоо жүргүзүлгөн эмес.
2. Бул токтомду Мыйзамда каралган тартипте бекитүү жагы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.
3. Уюштуруу жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Н. Аалиевге тапшырылсын:
- бул токтомду расмий жарыялоо булактарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жөнөтүү;
- бул токтомду Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жөнөтүү;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Айтиев Т.Т. |