Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 2

 

Жайытка малдарды айдоодо бааларды бекитүү жөнүндө

 

Оро айылдык кенешинин 11-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы каралган жайыт комитетинин малдарды жайкы жайлоого айдоодо сунушталган бааларды карап, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Оро айыл өкмөтүндө малдарды жакынкы, алыскы жайыттарга айдоодо баалар төмөндөгүдөй бекитилсин:

-жайыт билетин алгандар үчүн төлөм: алыскы жайытка-8 сомдон;

жакынкы жайытка -15 сомдон белгиленсин.

Чабандарга малдарын жайытка чыгарууда төлөм:

-кой эчкиге башына- 80сом;

-жылкыга      -/-        - 1000-сом;

-уй-торпокко -/-         500сом;

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев