ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 4
Жайыт комитетинин техникасы менен акыга кызмат көрсөтүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин техникасы менен кызмат көрсөтүүдө автоунаага жүктөп бергендиги үчүн ар бир рейсине 1500(бир миң беш жүз) сомдон соляркасы ичинде, эгерде сүрдүрүү тазалоо иштери болсо саатына 1500(бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө соляркасы ичинде баа бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Райымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мотуев |