ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 6
Колдонулбай калган акча каражатын кароо жөнүндө
Оро айылдык Кенешинин 11 - чакырылышынын кезектеги 18- сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын атайын каражат эсебиндеги 2022-жылдын жыйынтыгы менен колдонулбай калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022 – жылдын жыйынтыгы менен колдонулбай калган акча каражатынын суммасы 1824112 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен:
а) Мамлекеттик тейлоо кызмат бөлүмүнө;
3111 статьясына – 1569351 сом
б) ЖКХ бөлүмүнө;
2214 статьясына- 50000 сом
2215 статьясына – 120866 сом
в) Балдар бакчасы бөлүмүнө;
2218 статьясына – 83895 сом бөлүнүп берилсин
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
1. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Оро айылдык аймагынын башчысы Дж. Айтпаев бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага |
| Б.Мотуев |