Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 7

 

Тал теректерди кесүүгө уруксат берүү жөнүндө

 

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы, айыл аймагына караштуу СПАнын жетекчиси М.Иманбековдун сунушунун негизинде жол жээгиндеги ички арыктардын жанындагы тоскоол болгон тал-теректерди кесүү жөнүндөгү сунушун карап, талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Оро айыл аймагындагы жол жээгиндеги ички арыктарды тазалоодо арыктын четиндеги тоскоол болгон тал теректерди кесүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагына караштуу СПА “Карагаттынын” жетекчиси Иманбеков Маданбекке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев