Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-мартындагы № 10
Ижаралык шартта мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы, Оро айыл өкмөтүнүн тургуну, авган согушунун катышуучусу Б.Акматовдун жеңилдик менен пайдаланып келген жери тууралуу каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылынын тургуну, авган согушунун катышуучусу Акматов Батырбек Сейдалиевичтин айыл өкмөтүнүн № 386 контурундагы жеңилдикке пайдаланып жүргөн 1га(бир гектар) жер аянтынын ижаралык мөөнөтү келишимдин негизинде узартылып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мотуев |