Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024 жылдын 10-июну № 37/9-XXVIII
«Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын Достук айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчилике алып, Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун, Аламүдүн районунун, Ленин айыл аймагынын “Ленин айылдык кеңеши”,Чүй облусунун, Аламүдүн районунун, Гроздь айыл аймагынын “Гроздь айылдык кенеши” жана Чүй облусунун, Аламүдүн районунун, Ак Дөбө айыл аймагынын “Ак Дөбө айылдык кеңеши” бириктирүү жолу менен“ Достук айыл аймагынын Достук айылдык кеңеши” мекемеси түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун, Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын “Достук айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде – Учреждение “Достук айылный кенеш” айылного аймака Достук Аламудунского района Чуйской области;
- Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №285.
2. “Достук айылдык кеңешинин” мекемесинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Достук айылдык кеңешинин” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №285 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик катоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Достук айылдык кеңешинин төрагасы | Айтиев Т.Т. |