Редакцияот 24.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин бешинчи кезексиз сессиясынын (VII-чакырылыш) жыйналышынын

 

 

2021-жылдын 24-июлу  № 5/2

 

Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы “Кашкулак-Ийин” участкасындагы 40,0 га мелиоративдик даярдоодогу, Сары-Булак айылынын “Боксо” участкасындагы 15,0 га кайрак айдоо Ак-Кыя айылынын “Арпа-Тектир” участкасынан 15,0 га кайрак айдоо бардыгы 70,0 жер аянтарына түзүлгөн башкы планды бекитүү боюнча

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асанов менен ОсОО “Ошпроектстрой” дун директору Т.Ж.Билибаевдин ортосунда 2019-жылдын 15-январындагы №1/19 келишимине негиз тузулгон Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы “Кашкулак-Ийин” участкасындагы 40,0 га мелиоративдик даярдоодогу, Сары-Булак айылынын “Боксо” участкасындагы 15,0 га кайрак айдоо Ак-Кыя айылынын “Арпа-Тектир” участкасынан 15,0 га кайрак айдоо бардыгы 70,0 га жер аянтарына түзүлгөн башкы план бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

 

Кара-Кочкор айылдык

округдук Кенешинин төрагасы

С. Бөрүбаев