Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII чакырылыш) жыйналышынын

 

 

2021-жылдын 17-майы  № 1/3

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколун бекитүү жөнүндө

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын 17-май 2021-жылындагы №3 протоколун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын 17-май 2021-жылдагы №3 протоколу бекитилсин.

2. Кара-Кочкор айлдык округунун Кеңешинин төрагасына Кара-Кочкор айлдык округунун Кеңешинин депутаты Бөрүбаев Сүймөнкул Эркинбаевич шайлансын, өз милдетин коомдук башталышта аткарат.

 

 

Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин

жаш курагы уулу депутаты:

И. Курманбаев