КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2023-жыл 13-февралындагы № 7
Кең-Арал айыл аймагынын батыш тарабындагы жерлер жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагынын жашоочуларынын сунушу боюнча Кең-Арал айыл өкмөтүнүн батыш тарабындагы Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу, азыркы учурда токой чарбасы пайдаланып жаткан жер аянттарын убактылуу ижарага алмашуу жолун угуп талкуулап, депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн батыш тарабындагы № 108, 109, 119, 120, 126 чөйрө сызыгындагы жер аянттарын № 316, 318 чөйрө сызыгындагы 10,0га жерлерге алмашуу жолу менен токой чарбасына 5 жылга убактылуу ижарага берилсин.
2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Токонов |