КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2023-жыл 13-февралындагы № 8
Кең-Арал айылдык кеңешинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги №1 Токтом менен кабыл алынган Жобонун VI пунктунун биринчи сабына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби тууралу Жобонун VI пунктунун 1 сабына өзгөртүү киргизүү боюнча комиссиянын сунушун карап талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жобонун VI пунктунун 1-сабы Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал, жылкы жана кой-эчки союусуз өткөрүлөт деген сап менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
Төрага |
| Б.Токонов |