Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 43
Баткен шаарындагы корукка алынган эстеликтердин, маданий жайлардын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 5-мартындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, панолорду, понодубалдарды, обелисктерди, меморалдык такталарды жана башка меморалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №96 токтомун жетекчиликке алуу менен Баткен шаарынын аймагында корукка алынган жайлардын абалы төмөнкүдөй:
Баткен шаарынын Саймалуу-Таш коругу Кызыл-Жол кварталында 12 га жер аянтты, “Токтогул Олуя” ачык асман маданий жайы 0, 85 га аянтты, “Манас” комплекси 2,5 га аянтты, “Улуу Ата мекендик согуштун” катышуучуларына арналган эстелик 800 м 2 жер аянтын, “ЧАЭС” апаатынан жабыр тарткандарга арналган эстелиги 200 м2 аянтты, “Баткен коогалаңына” арналган эстелик 300 м2, “Афган” согушунда курман болгондор үчүн тургузулган эстелик 300 м2, Кыргыз-Тажик чек арасында куралдуу салгылашууда курман болгон баатырларга арналган эстелик 75 м2 жер аянты, “В.И.Лениндин” эстелиги 58 м2 аянтты, “Эркиндик” эстелиги 100 м2 жер аянтты жана “Үч инсан” эстелиги тиешелүү аянтты ээлейт. Эстеликтер жана корукка алынган аймактар ар бири өзүнчө тарыхый баалуукааа ээ. Тархый баалуулуктарбызды сактап корукка алуу менен келечекке мурас катары өткөрүп берүү милдетибиз. Ушундай эле шаардын Кызыл-Дөң кварталында Ак-Таш тоосундагы Саймалуу ташты да расмий түрдө корукка алуу шарт экендиги талашсыз. Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарындагы корукка алынган тарыхый эстеликтердин, маданий жайлардын абалы жетишсиз экендиги белгиленсин.
2.Шаар аймагындагы корукка алынган жерлердин, эстеликтердин статусун аныктоо, юридикалык иш кагаздарын тактоо үчүн жумушчу комиссия түзүү жана жылдын
6 айлыгынын жыйынтыгы менен сессияга маалымат киргизүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
2. Баткен шаардык Кеңешинин 2021-жылдынн 28-июлдагы “Баткен шаарынын борбордук аянтчасында В.И.Лениндин эстелигин борбордук аянтчадан алып салууга макулдук берүү жөнүндө” №37 токтомун аткарылуусу кечиктирилгендиги Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ эскертилсин.
3.Ак-Таш участкасындагы Кызыл-Дөң тоосундагы саймалуу ташты корукка алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарынын долбоору 6 айлыктын жыйынтыгында:
- Булак-Башы АТОсунун аймагындагы Ак-Таш тоосундагы саймалуу ташты корукка алуу;
3.Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана иновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм,, ветеринардык санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |