Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 44
Баткен шаарынын жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун абалы жөнүндө
Баткен шаарын 2024-жыл ичинде инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн бекитилген иш чарасынын алкагында Баткен шаарынын көчөлөрүн жашылдандырууга жыл башында 350 000 сом каралган.
Бүгүнкү күндө жыл башынан бери Баткен шаарынын Ж.Момунов көчөсүнө 150 түп арча (кипарис), 90 түпслива (писари), Курманжан Датка көчөсүнө 150 түп дуб, 50 түп можевельник, 100 түп сосна, 50 түп кызыл чынар, Сайдиман Ажы көчөсүнө 500 түп көк терек, 50 түп павлония, Т.Садыков жана И.Жусупов көчөсүнө 1000 түп кыска роза гүлдөрү отургузулду. Ошондой эле көрктөндүрүү иштери мындан ары улантылуусу үчүн тийиштүү иш пландар бекитилген. Баткен шаарынын жыл ичинде көрктөндүрүү жана жашылдандыруу камсыз кылуу иштери такай жүргүзүлөт. Үстүбүздөгү жылы Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнө 25 жылдыгы белгиленет. Андыктан Баткен шаарынын 25 жылдык маарекесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында айлана чөйрөнү кооздоо үчүн кошумча 1000 000 сом акча каражаты керектелет. Бул суммага Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү темир тосмолорго, горшоктогу гүлдөр, аянтчалардын эки жерине гүл отургузуучу пирамида сыяктуу курулмалар орнотулуп, гүлдөр отургузулат. Андан сырткары Курманжан Датка көчөсүнө отургузулган декоративдүү дарактарды тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу пландалып, шаардын жалпы пайдалануудагы “Жеңиш” жана “Жаштык” эс алуу парктары АРИС программасынын каржылоосу менен реконструкциялоо алдында турат. Шаар тургундарынын жалпы пайдалануу менен эс алуусуна кошумча шаардын Жибек-Жолу көчөсүнүн күн батыш тарабындагы КБФ жерине келечекте чоң вележол, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жана эс алуу жайын куруу планы каралууда.
Жалпы пайдалануудагы түнкү жарыктар камсыздалган. Түнкү жарыктарды камсыздоо жыл сайын жергиликтүү бюджеттен каржыланып, инвестициялык долбоорлорго киргизилип келет.
Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандырууну камсыз кылууга архитектуралык көрктө жасалгалоо иштери үчүн жергиликтүү жана жекече долбоорлорго конкурсттар жүргүзүлүүсү шарт. Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагында жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жетишсиз экендиги жана жыл ичинде такай иш чаралар жүргүзүлүп туруусу эскертилсин
2.Шаардын жалпы пайдалануудагы жерлердин тазалыгын камсыз кылуу, эс алуу жайлардагы олтургучтарды, таштанды үчүн урналарды, түнкү жарыктарды, агын суу ноолорун, бак-дарактарды, гүлдөрүн сактоонун эрежелери шаар калкына жайылтылсын
3.Шаардын Жибек-Жолу көчөсүнөн күн батыш тарабынан түндүктөн-түштүккө карай шаардыктар үчүн эс алуу паркын курууга жыл ичинде эскиздик-долбоорун даярдоо жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
4.Шаардын жалпы пайдалануудагы жерлерине декоративдүү жасалгоо (өрүк бактары) жайылтуу сунушталсын
-көрктөндүрүүжанажашлдандыруу үчүн керектелүүчү каражат, жыл мурда бөлүнүп берүү жагы сунушталсын
-жол боюндагы өстүрүлгөн дарактар жана гүлдөр үчүн тамчылатып сугаруу жана жашылдандыруу долбоорун колдонуу
-борбордук көчөлөрдү жана жалпы пайдалануучу жайларды көрктөндүрүү жана жашылдндыруу үчүн шаардагы мекеме ишканаларга бекитип берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын
-көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасына каржы бөлүп берүү менен ишин жандандыруу үчүн тиешелүү иш чаралар 2024-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзүлсүн
4. Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм,, ветеринардык санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ жүктөлсүн.
Төрага | А.Аширов |