Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 45
Баткен шаарынын санитардык-тазалыгын камсыз кылуунун
абалы жөнүндө
Баткен шаарында таштандыларды атайын жайларга алып чыгуу жана шаардын санитардык-тазалыгын камсыз кылууда “Баткен-Тазалык” ишканасы тарабынан 2024-жылга бекитилген 1237500,00 сомго бекитилип, 1048030,00 сомго, 84, 69% га аткарылган. Былтыркы жылга салыштырмалуу- 189470,00 сомго аз чогултулган.
Шаар ичиндеги таштандыларды атайын жайларга алып чыгуу жана таштандыларды жок кылуу үчүн тиешелүү талапка ылайык бекитилген графике ылайык жүргүзүлүп келет. График менен чыгарылган таштандыларды жок кылуу үчүн таштандыларды кайра иштетүү заман талабы.
Шаардагы таштанды таштоочу челектерди бардык көчөлөргө жана жайларга орнотуу үчүн долбоорлорду жасоо пландалган. Жогорудагы талаптардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарында таштандыларды атайын жайларга алып чыгуу жана шаардын тазалыгын камсыз кылууда жетишсиздиктер бар экендиги белгиленсин жана төмөнкүлөр такай жасалуусу эскертилсин.
-Шаардын жалпы пайдалануудагы жайлардын санитардык-тазалыгын камсыз кылуу;
-таштандыларды атайын жайларга үзгүлтүксүз алып чыгуу;
-таштанды челектерин керектүү жайларга жетиштүү орнотуу;
-борбордук көчөлөрдү шыпырып, тазалоо;
- таштандылар жайындагы коопсуздуктун (таштандылардан, жугуштуу оорулардын чыгып кетүүсүнөн алдын алуу) алдын алуу чараларын:
-полигонду айланта тамчылатып суугаруу менен аба тазалоочу, бак-дарактарды эгүү сунушталсын
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4. Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, ветеринардык санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |