Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 47
Баткен шаарынын И.Жусупов көчөсүндө жайгашкан Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен шаардык Кеңешинин административдик имаратынын ээлеген жер аянтын толуктоо үчүн башкы планга өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пункту, 4-берененин 5-пунктуна Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 14-майдагы №02-6/317 чыгыш катынын, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын И.Жусупов көчөсүндө жайгашкан Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен шаардык Кеңешинин административдик имаратынын ээлеген жер аянтын толуктоо үчүн башкы планга төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин. (архитектуралык план тиркелет)
-И.Жусупов көчөсүндөгү Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен шаардык Кеңешинин административдик имаратынын ээлеген жер аянты “түштүк-чыгыш” тарабына жылдырылып (жол жабылып) 3259 м2 болуп толукталып берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |