Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы №48
Баткен шаарынын аймагындагы айыл-чарба багытындагы жана кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27- берененин 2-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы айыл-чарба багытындагы жана кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын ижара акылары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
- айдоо жана суугат айдоо жерлер:
- I категориядагы жерлер 1 га- 15000 сом
- II категориядагы жерлер 1 га – 10000 сом
- III категориядагы жерлер 1 га -7000 сом
2. көп-жылдык бак дарактар:
- 1-жылдын 5 жылга чейин 1 га- 2500 сом
- 5-жылдын 15 жылга чейин 1 га – 7000 сом
- 15 жылдан жогорку бактар 1 га – 15000 сом
3.кайрак жерлер 1 га 1000 сом
4.өздөштүрүлгөн жайыт жерлер 1 га 2000 сом
5. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |