Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 49
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Айгүл-Таш подстанция участкасындагы 21,0 га муниципалдык жер аянтынан Баткен облустук Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт жатак мектебине имарат куруу үчүн 0,60 га жер аянтын бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пункту, 4-берененин 5-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 7-майдагы №02-6/303 катынын жана Баткен шаар куруу архитектура башкармасынын 2024-жылдын 17-апрелиндеги корутундусуна, шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Айгүл-Таш подстанция участкасындагы 21,0 га муниципалдык жер аянтынан, Баткен облустук Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт жатак мектебине имарат куруу үчүн 0,60 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |