Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 51
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АБ И.Раззаков көчөсүндөгү “Октябрь” кинотеатрынын имараты ээлеп турган жер аянтын
мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 2-главанын 25-берененин 5-пункту жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №02-6/294 катынын шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АБ И.Раззаков көчөсүндөгү “Октябрь” кинотеатрынын имараты ээлеп турган 578 м2 жер аянты (техникалык паспортуна ылайык) кинотеатрга мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |