Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 52
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы муниципалдык жер аянтын тиешелүү бөлүгүн ФАПка жана Амиров Келдибекке ажыратып бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пункту, 34-беренесинин 5-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №02-6/292 катынын Баткен шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы жалпы 0,40 га жер аянты - ФАП үчүн 0,28 га жер аянты Амиров Келдибекке 0,12га (Баткен райондор аралык сотунун 2008-жылдын 20-майындагы №АД-55/200 МБа чечими) ажыратылып бекитилип берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |