Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 31.05.2024-ж. № 13-94 буйругуна тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Электр энергиясын эсепке алуунун өлчөөчү комплекстерине карата негизги талаптар боюнча нускама
БИШКЕК 2024
Тиркеме
Электр энергиясын эсепке алуунун өлчөөчү комплекстерине карата негизги талаптар боюнча нускама
Ушул нускама электр энергиясын эсепке алуунун өлчөөчү комплекстерин орнотуу, мыйзамдаштыруу жана тейлөө боюнча бирдиктүү талаптарды жөнгө салган принциптердин жана эрежелердин жыйындысын белгилейт.
Ушул нускама Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагына жайылтылат жана электр энергетика компанияларынын метрология кызматтарынын персоналы тарабынан электр энергиясын эсептөөчү каражаттарды мыйзамдаштыруу боюнча иштерди аткарууда колдонмо катары кызмат кылат.
Бул нускамада электр энергиясын эсепке алуунун өлчөөчү комплекстерине карата милдеттүү талаптар чагылдырылган.
1. Эсепке алуу приборлорун орнотуу орундарына карата талаптар
Эсепке алуу приборлору чекене рыноктун чектеш субъекттеринин - керектөөчүлөрдүн, жалпы баланстык чекке ээ болгон тармактык уюмдардын (мындан ары – чекен рыноктун чектеш субъекттери) электр энергетика объекттеринин (энергияны кабыл алуучу түзүлүш) балансынын чектеринде орнотулууга тийиш. Эсепке алуу приборун электр энергетика объекттеринин баланстык чегинде орнотуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок болгондо эсепке алуу прибору аны орнотуунун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон баланстык чекке максималдуу жакын жерде орнотулушу керек.
Эгерде эсепке алуу прибору, анын ичинде көп батирлүү үйдөгү жамааттык (жалпы үйдүн) эсепке алуу прибору чекене рыноктун чектеш субъекттеринин электр энергетика объекттеринин (энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрдүн) баланстык чегинде жайгашпаса, анда мындай эсепке алуу приборунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде аныкталган электр энергиясын керектөө көлөмү келишим боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү максатында электр энергетика объекттеринин (энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрдүн) баланстык чегинен тартып эсепке алуу приборун орнотуу ордуна чейин тармактын участогунда пайда болгон электр энергиясын жоготуулардын өлчөмүнө түзөөгө жатат.
2. Электр энергиясын эсепке алуу приборлорун (өлчөөчү комплекстерди) жайгаштыруу
Тейлөө үчүн оңой жеткиликтүү кургак орун жайларда, жетиштүү бош жана иштөө үчүн тар эмес, кышында температура 0°С төмөн эмес болгон орунда жайгаштырылышы керек. Жалпы өнөр жайлык аткарылган эсепке алуу приборлорун өндүрүштүк шарттар боюнча температура +40°Стан аша турган орун жайларда, ошондой эле агрессивдүү чөйрөдөгү орун жайларда орнотууга уруксат берилбейт. Электр станцияларынын жана подстанциялардын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн жылытылбаган орун жайларында жана коридорлорунда эсептегичтерди жайгаштырууга жол берилет. Эгерде приборлор терс температура шарттарында пайдалануу үчүн арналбаса, кышында аларды жылытуучу шкафтар, алардын ичинде абаны жылытуучу капкактан, электр лампасы же капкак ичинде оң температураны, бирок +20°Стан жогору эмес камсыздоо үчүн жылытуучу элемент аркылуу стационардык жылытуу каралууга тийиш.
Эсепке алуу приборлору шкафтарда, комплекттик бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн камераларында (КРУ, КРУП), панелде, калканда, оюктарга, катуу конструкцияга ээ болгон дубалда орнотулушу керек. Жертамандан эсепке алуу приборунун кыскычтар кутусуна чейинки бийиктик 0,8-1,7 м чегинде болушууга тийиш, 0,4 м чейин, бирок андан төмөн эмес (ВЛ-0,4 кВ таянычында кошуу чекитинде эсепке алуу приборун орнотуунун техникалык чечимдеринин варианттарынан тышкары).
Шкафтардын, оюктардын, калкандардын ж.б. конструкциясы жана өлчөмү эсептегичтердин жана ток трансформаторлорунун кыскычтарына ыңгайлуу жетүү мүмкүндүгүн камсыздашы керек. Мындан тышкары эсептегичти ыңгайлуу алмаштыруу жана аны 1° көп эмес жантайтуу менен орнотуу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
Объектте электр энергиясын өзүнчө эсепке алуу менен бир нече кошуулар болгондо эсептегичтердин панелинде кошуунун аталышы жазылышы керек.
3. Электр энергиясын эсепке алуунун өлчөөчү комплекстерин пломбулоо боюнча иштерди жүргүзүү
Энергия менен жабдуучу уюм пломбулашы керек:
· электр энергиясынын эсептегичтери туташтырылган ток трансформаторлорунун терминалдык катарлары;
· электр эсептегичтерине карата чынжыр бар өтмө кутулардын капкагы;
· ток трансформаторуна эсептегичтер менен бирге электр өлчөөчү приборлор жана коргоо түзүлүштөрү кошулган учурларда эсептегичтердин ток чынжырлары;
· ток трансформаторлорунун экинчи оромун шунттоо үчүн кыскычтар бар сыноо кутулары жана аларды алмаштыруу же текшерүү үчүн эсептегичтерди өчүргөндө чыңалуу чынжырларын кошуу орундары;
· ток трансформаторлору орнотулган, электр энергиясын эсептегичтер кошулган камералардын торлору жана эшиктери;
· эсептегичтер кошулган чыңалуу трансформаторунун жогорку жана төмөнкү чыңалуусу тарабында сактагычтар орнотулган камералардын торлору жана эшиктери;
· эсептегичтер кошулган чыңалуу трансформаторлорунун ажыраткычтарынын өткөргүчтөр туткасындагы шаймандар.
Эсептегичтер кошулган чыңалуу трансформаторлорунун экинчи чынжырларында сигналга аракеттенүү менен алардын бүтүндүгүн контролдоосуз сактагычтарды орнотууга жол берилбейт.
Текшерилген эсептик (контролдук) эсептегичтер каптооч бекиткичинде текшерүү жүргүзгөн уюмдун пломбусуна, ал эми эсептегичтин кыскычтарынын колодкасынын капкагында энергия менен жабдуучу уюмдун пломбуна ээ болушу керек.
Электр өлчөөчү приборлорду, коммутациялык аппараттарды жана электр чынжырларынын ажыраткыч кошууларын уруксатсыз жетүү мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн эсепке алуу чынжырларында белгиленген талаптарга ылайык аларды визуалдык контролдун атайын белгилери менен маркалоо керек.
4. Электр энергиясын эсепке алуу приборлорун текшерүүгө карата талаптар
· Ар бир орнотулган эсептик (контролдук) эсепке алуу прибору эсепке алуу приборунун каптоочун бекиткен бурамаларда метрологиялык текшерүү клеймасы менен пломбуга, ал эми кыскыч капкагында – тармактык компаниянын пломбуна ээ болушу керек.
· Эсепке алуу приборунун жарактуу текшерүүсү бар экени метрологиялык текшерүүнүн окулган пломбунун болушу же документти - эсепке алуу приборуна карата паспорт-формулярды берүү менен тастыкталат. Эсепке алуу приборуна карата документтерде тарифтик жүгүртмөнүн ырастоолору жана жергиликтүү убакыт жөнүндө белгилер болушу керек.
· Жаңы орнотулган үч фазалуу эсепке алуу приборлорунда 1 жылдан ашпаган, ал эми биз фазалууда – 2 жылдан ашпаган мамлекеттик текшерүү пломбу болушу керек.
5. Өлчөөчү чыңалуу трансформаторлоруна карата талаптар
· Тактык классы – 0,5тен көп эмес.
· Үч фазалуу киргиде үч фазалуу чыңалуу трансформаторлорун (мындан ары – ЧТ) же үч бир фазалуу ЧТдан турган топту колдонуу керек.
· Өлчөөчү чынжырлардын сакталышы үчүн сактагычтар орнотулган камералардын торлорун жана эшиктерин пломбулоо мүмкүнчүлүгү каралышы керек (ЧТ жогорку жана төмөнкү чыңалуу тарабында иштеген сигнализация менен сактагычтар, ошондой эле ЧТ ажыраткычтарынын өткөргүчтөрүнүн туткалары орнотулат). Камераларды пломбулоо мүмкүн болбогондо, ЧТ чыгаруулары пломбуланат.
· Өлчөөчү приборлордун чынжырларында жүргүзүлүүчү иштердин коопсуздугун камсыздоо үчүн релелик коргоо жана электр автоматика түзүлүштөрү, өлчөөчү чыңалуу трансформаторлорунун экинчи чынжыры (орому) туруктуу жерге киргизүүгө ээ болушу керек.
· Чыңалуу трансформаторунун экинчи оромдору нейтралдык түйүндү же жерге киргизилген түзүлүшү бар оромдун бир учун кошуу менен жерге киргизилиши керек. Чыңалуу трансформаторунун экинчи оромдорун жерге киргизүү эреже болгондой, чыңалуу трансформаторуна жакын кыскычтар бүктөмүндө же чыңалуу трансформаторунун кыскычтарында аткарылышы керек.
· Жарактуу текшерүүнүн болушу эреже болгондой, текшерүү протоколдору менен ЧТ текшерүү жөнүндө паспорттордун же күбөлүктөрдүн түп нускаларын берүү менен тастыкталышы керек.
6. Өлчөөчү ток транмформаторлоруна карата талаптар
· Тактык классы – 0,5тен көп эмес.
· Эсепке алуу приборун жарым-жартылай кыйыр күйгүзүүдө бардык фазаларда ток трансформаторлорун орнотуу керек.
· Номиналдык экинчи токтун мааниси эсепке алуу приборунун номиналдык тогу менен байланыштырылышы керек.
· 0,4 кВ чейинки чыңалуудагы эсептегичтерди кошуу үчүн колдонулган ток трансформаторлору кубаттуулук агымынын багыты боюнча коммутациялык аппараттардан кийин орнотулушу керек.
· Ток трансформаторунун экинчи өлчөөчү оромунун чыгуулары пломбулоо үчүн капкакка ээ болушу керек.
· Өлчөөчү приборлордун чынжырларында жүргүзүлүүчү иштердин коопсуздугун камсыздоо үчүн релелик коргоо жана электр автоматика түзүлүштөрү, өлчөөчү ток трансформаторлорунун экинчи чынжыры (орому) туруктуу жерге киргизүүгө ээ болушу керек.
· Ток трансформаторунун экинчи чынжырларында жерге киргизүүнү ток трансформаторунун кыскычтарында кароо керек.
· Ток трансформатору (мындан ары - ТТ) баштапкы (заводдук) же мезгилдүү (бул өлчөөчү каражаттардын түрүнүн сүрөттөмөсүндө көрсөтүлгөн текшерүү ортосундагы аралыкка ылайык) жарактуу метрологиялык текшерүүгө ээ болушу керек. Жарактуу текшерүүнүн болушу эреже болгондой, текшерүү протоколдору менен ТТ текшерүү жөнүндө паспорттордун же күбөлүктөрдүн түп нускаларын берүү менен тастыкталышы керек.
· 0,5 тактык классындагы ток трансформаторунун экинчи жүктөмүнүн чектелген маанилери номиналдыктан 25–100% диапазонунда турушу керек (МАМСТ-7746–2001 ток трансформаторлору).
7. Өлчөөчү чынжырларга карата талаптар
· Эсептегичтерге карата электр зымдарында каңдоолорго жана ороолорго жол берилбейт.
· Электр өткөргүчү курчап турган чөйрөнүн шарттарына, курулмалардын багытына жана баалуулугуна, алардын конструкцияларына жана архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келиши керек. Электр өткөргүчү түсү боюнча зымдардын бардык узундугунда оңой таанып билүү мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек:
· көк түстө – электр тармагынын нөлдүк жумушчу же орто өткөргүчүн белгилөө үчүн;
· жашыл-сары түстөгү эки түстүн айкалышы – коргоочу же нөлдүк коргоочу өткөргүчтү белгилөө үчүн;
· куроодо түшүрүлгөн линиянын учунда көк белгилери бар бардык узундугунда жашыл-сары түстө эки түштүн айкалышы – айкалыштырылган нөлдүк жумушчу жана нөлдүк коргоочу өткөргүчтү белгилөө үчүн;
· кара, күрөң, кызыл, кызгылт көк, боз, кызгылт, ак, кызгылт сары, биюза түстөрү – фазалык өткөргүчтү белгилөө үчүн.
· Буроо алдында панелдердин жана аппараттардын кыскычтарына кошуу үчүн контролдук кабелдин өзөктөрү жез үчүн 1,5 мм кем эмес кесилишке ээ болушу керек (ал эми атайын кыскычтарды колдонууда – 1,0 мм кем эмес); жооптуу эмес экинчи чынжырлар үчүн, контролдоо чынжырлары жана сигнализациялар үчүн кесилиши 1 мм жез өзөктөрү бар кабелдердин буроосу алдында кошууга жол берилет.
· Калкан түзүлүштөрүнүн (панелдер, пульттар, шкафтар, жашиктер ж.б.) чегинде туруктуу жана өзгөрмө токтун чынжырларын куроо, ошондой эле өчүргүчтөрдүн, ажыраткычтардын жана башка түзүлүштөрдүн өткөргүчтөрүн кошуунун ички схемалары механикалык бекемдик шарттары боюнча жез өзөктөрү бар өткөргүчтөр же кабелдер менен жасалышы керек. Калкан түзүлүштөрүн ички куроо үчүн алюминий өзөгү бар өткөргүчтөрдү жана кабелдерди колдонууга жол берилбейт.
· Өлчөөчү чынжырлардын сакталышы үчүн сыноочу блокторду, кутуларды жана эсепке алуу приборунун өлчөөчү чынжырларына кошулган башка приборлорду пломбулоо мүмкүнчүлүгү каралышы керек, муну менен катар мындай түзүлүштөрдө колдонууну минималдаштыруу керек.
· Чыңалуу чынжырларынын өткөргүчтөрүн бул өлчөөчү комплекстин ток трансформаторуна түздөн-түз жакын жерде өзүнчө технологиялык болттук кошуу аркылуу шиналарга туташтыруу керек.
· Эсепке алуу приборлору кошула турган өлчөөчү трансформаторлордун экинчи оромун жүктөө номиналдык маанилерден ашпашы керек.
· Эсептегичтердин чыңалуу чынжырларында өткөргүчтөрдүн жана кабелдердин кесилиши жана узундугу бул чынжырларда чыңалууну жоготуулар 0,25 %дан ашык эмес номиналдык чыңалууну түзгөндөй тандалышы керек.
· Эсепке алуу приборун кошуунун кыйыр схемасы үчүн экинчи чынжырды кыскычтардын өз алдынча бүктөмөсүнө же кыскычтардын жалпы катарында секцияларга чыгаруу керек. Кыскычтары менен бүктөмөлөрү жок болгондо сыноо блоктору орнотулушу керек. Кыскычтар ток трансформаторунун экинчи чынжырын кыска туташтырууну, мындай эсепке алуу приборунун ток чынжырларын жана эсепке алуу приборунун ар бир фазасында чыңалуу чынжырларын алмаштырууда же текшерүүдө аларды өчүрүүнү, ошондой эле өткөргүчтөрдү жана кабелдерди ажыратуусуз үлгү эсепке алуу приборун күйгүзүүнү камсыздашы керек. Эсепке алуу приборлорунун кыскычтарынын бүктөмөлөрүнүн жана кутуларынын конструкциясы аларды пломбулоо мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек.
8. 1 кВ чейинки киргилерде орнотулган кирги түзүлүштөргө жана коммуникациялык аппараттарга карата талаптар
· Энергия кабыл алуучу түзүлүштөрдү эсепке алуусуз кошууну аныктоо үчүн ВЛ, КЛ кирги тузүлүштөрүн, ошондой эле жабдуунун кирги эсепке алууга чейинки электр зымдарын стационардык аянтчалардан толук визуалдык кароо мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек. Мүмкүн болуучу эсепке алуусуз кошуу орундары камераларды, ячейкаларды, шкафтарды ж.б. пломбулоо аркылуу обочолонушу керек.
· 100 А чейин кошо алгандагы жүктөмдө эсепке алуу түйүнүн орнотуу ордуна чейин ажыраткычтарды (рубильниктерди) орнотууга жол берилбейт. 1 кВ чейинки чыңалуу тармактарында эсепке алуу приборлорун коопсуз орнотуу жана алмаштыруу үчүн пломбулоо мүмкүнчүлүгү менен коргоочу кирги автоматтарды орнотуу каралууга тийиш (эсепке алуу приборунан 10 метрден алыс эмес аралыкта).
· АВР, ОПС жана башка автоматиканы орнотууну электр энергиясын эсепке алуу приборун (өлчөөчү комплексти) орнотуу ордунан кийин кароо керек.
9. Электр энергиясын эсепке алуунун өлчөөчү комплекстерин мыйзамдаштыруу протоколдорун, актыларын түзүү
Электр энергиясын эсепке алуу чынжырларында ишти аяктаганда жана пломбулоону аяктаганда ушул нускаманын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык мыйзамдаштыруу акты/протоколу түзүлөт.
Энергетика компаниясынын жүргүзүүсүндө турган электр энергиясын эсепке алуу нун ар бир түйүнү үчүн кагаз/электрондук түрдө папка түзүлөт, ага Өлчөөчү комплекстин протоколу (3-тиркеме), электр энергиясын эсепке алууну текшерүү күбөлүгү, протоколдор, актылар, электр энергиясын эсепке алуунун бул түйүнүнүн өлчөөчү комплексинин формулярлары, ошондой эле өлчөөчү чынжырларды жана өлчөөчү комплекстин жабдууларын сыноо актылары тиркелүүгө тийиш.
Эскертүү:
Электр энергиясынын балансына катышкан «жогорку деңгээлдеги 35-500 кВ» өлчөөчү комплексиндеги бардык өзгөрүүлөр (жаңы орнотулган ПУ, ТТ, ЧТ алмаштыруу 2 иш күнү ичинде жана «КЭЭБ» ААКга актылардын, протоколдордун көчүрмөлөрүн берүү менен, милдеттүү тартипте «КЭЭБ» ААК МЧИБСга киргизилет.
1-тиркеме
Актынын формасы
«ХХХХ» ААК № акты
Бөлүм «___» 202__-ж.
П/С___________________________________________________________________________________
Ушул протокол түзүлдү ________________________________________________________________________
Кошуунун аталышы - СШ
АЛЫНДЫ:
фаза «А» Тип_______________________________ № _____________________________
фаза «В» Тип_______________________________ № _____________________________
фаза «С» Тип_______________________________ № _____________________________
Тактык классы____________ Трансформация коэффициенти
Уруксат берилген жүктөм __________________ Иш жүзүндөгү жүктөм _____________________
ОРНОТУЛДУ:
фаза «А» Тип_______________________________ № _____________________________
фаза «В» Тип_______________________________ № _____________________________
фаза «С» Тип_______________________________ № _____________________________
Тактык классы____________ Трансформация коэффициенти
Уруксат берилген жүктөм____________________ Иш жүзүндөгү жүктөм________________________ _____________________
Орнотулган ПУ: Тип Зав.№ Тактык классы Г/п ЭПОЦ
А(+)прям А(-) об
R(+)прям R(-) об
Алынган пломб: ___________________________________________
Орнотулган пломб: ___________________________________________
Вектордук диаграмма
ia= A, ∟0 ib(0)= A, ∟0 ic= A, ∟0 ƩP , cosф= . ∆%
ЭКЭАС системасы
Тип (МЧБТ, модем, концентратор, контроллер) керектүүсүн сызыңыз
IP дарек Порт Тармактык дарек
Текшерүү төмөндөгү приборлор менен жүргүзүлдү: _________________________________________________
______________________________________________________________________________________
Корутунду _______________
Эсепке алууну текшерүүнү жүргүздү:
1. 2. 3.
Актыны текшерди:
2-тиркеме
Протоколдун
формасы
«ХХХХ» ААК № протокол
Бөлүм «___» 202__-ж.
П/С____________________________________________________________________________________________
Ушул протокол түзүлдү ________________________________________________________________________________
Туташуу аталышы - СШ Ктт Ктн Кр
Алынды: Тип Зав.№ Тактык классы Г/п ЭПОЦ
Өчүрүлгөн убакыт А(+)прям А(-) об
R(+)прям R(-) об
Алынган пломб: ________________________________________________________________________
Орнотулду: Тип Зав.№ _ Тактык классы ___Г/п ЭПОЦ
Иштетилген убакыт А(+)прям А(-) об
R(+)прям R(-) об
Орнотулган пломб: ________________________________________________________________________
Эсепке алуу чейин жарактуу кв 20 -жыл
Вектордук диаграмма
ia= A, ∟0 ib(0)= A, ∟0 ic= A, ∟0 ƩP , cosф= . ∆%
ЭКЭАС системасы
Тип (МЧБТ, модем, концентратор, контроллер) керектүүсүн сызыңыз
IP дарек Порт Тармактык дарек
Текшерүү төмөндөгү приборлор менен жүргүзүлдү: ___________________________________________________________
Корутунду ________________________________________________
Эсепке алууну текшерүүнү жүргүздү:
1. 2. 3.
Протоколду текшерди:
3-тиркеме
Өлчөөчү комплекстин протоколунун
формасы
№ өлчөөчү комплексти текшерүү протоколу
«ХХХХ» ААК Бөлүм «___» 202__-ж.
П/С
Ушул протокол төмөндөгүгө байланыштуу түзүлдү ________________
Кошулуунун аталышы - СШ Ктт Ктн Кр
ПУ: Тип Зав.№ Тактык классы ____Г/п ЭПОЦ
А(+)прям А(-) об
R(+)прям R(-) об
Вектордук диаграмма
ia= A, ∟0 ib(0)= A, ∟0 ic= A, ∟0 ƩP , cosф= . ∆%
ЭКЭАС системасы
Тип (МЧБТ, модем, концентратор, контроллер) керектүүсүн сызыңыз
IP дарек Порт Тармактык дарек
Ток трансформаторлору:
фаза «А» Тип №
фаза «В» Тип №
фаза «С» Тип №
тактык классы трансформация коэффициенти (Ктт)
уруксат берилген жүктөм иш жүзүндөгү жүктөм
башка маалыматтар
Чыңалуу трансформаторлору:
фаза «А» Тип №
фаза «В» Тип №
фаза «С» Тип №
тактык классы трансформация коэффициенти (Ктт)
уруксат берилген жүктөм иш жүзүндөгү жүктөм
башка маалыматтар ________
Кошуу жана кабелдик байланыз схемасы:
Ток чынжырлары:
Ток трансформаторлорунун өлчөөчү оромдорун кошуу схемасы (жылдыз, үч бурчтук, толук эмес жылдыз) керектүүсүн сызыңыз ________________________________
Ток чынжырларынын маркалоосу: ________
Чыңалуу чынжыры:
Чыңалуу чынжырынын маркалоосу
ТНдан эсептегичке чейинки чыңалуунун жоготууларынн анык мааниси (%)
Көмөкчү жабдуу:
Автоматтык өчүргүч
Схема боюнча белги тип номиналдык ток коргоо жана орнотуу тип ________________________
Сактагычтар:
Схема боюнча белги тип
Эригич коймонун номиналдык тогу ________
ЭЭӨК элементтерин акыркы текшерүү жатасы:
20__-ж. № ПУ
20__-ж. № ТТ
20__-жг. № ТН
Аткарылган иштердин аталышы ________
Алынган пломбдор: ________
Орнотулган пломбдор:
Текшерүү төмөндөгү приборлор менен жүргүзүлдү: ________________
Корутунду ________________________________________________
Эсепке алууну текшерүүнү жүргүзүштү:
1.______________________________________________________________________ 2. 3.
4._______________________________________________________________________
5._______________________________________________________________________
6._______________________________________________________________________
Протоколду текшерди: