Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 53
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын аймагындагы Камалов Азизбек Жумабаевичтин “айыл чарба багытындагы” 2800,0 м2 жер аянтын “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №02-6/291 катынын, Баткен шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын аймагындагы Камалов Азизбек Жумабаевичтин “айыл чарба багытындагы” 2800,0 м2 жер аянтын “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |