Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 54
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Сайдиман-Ажы көчөсүнүн №54/1 дарегиндеги Бурханов Абдималик Ысмановичтин Ж-1 “турак жай багытындагы” 0,12га жер аянттарын Ц-1 “коммерциялык активдүүлүк” багытына трансформациялоого (которууга)
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна 12-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №02-6/291 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Сайдиман-Ажы көчөсүнүн №54/1 дарегиндеги Бурханов Абдималик Ысмановичтин Ж-1 “турак жай багытындагы” 0,12га жер аянттарын Ц-1 “коммерциялык активдүүлүк” багытына трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |