Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 56
Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” өспүрүмдөр наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын, 2022-жылдын 17-июнундагы Баткен шаарынын “Жаш кеменгери” наамын ыйгаруу жөнүндөгү, Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майдагы отурумунун корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия жатак-мектебинин 11-классынын окуучусу Курбанбекова Алиенора Замирбековна окуудагы эң жогорку жетишкендиктери үчүн 2023-2024-окуу жылындагы Олимпиаданын республикалык турунда информатика предмети боюнча 3-орунду камсыз кылгандыгы жана көптөгөн долбоорлордун автордук укугуна ээ болгондугу үчүн Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” өспүрүмдөр наамы менен сыйлансын.
2.Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” наамынын 2,3,4,5, орундарын камсыз кылган төмөнкү өспүрүмдөр, окуудагы өзгөчөлүктөрү, жетишкендиктери жана жаратмандыгы үчүн “Шаардын мыкты өспүрүмдөрү” китебине жазылсын:
- Абдиллаева Элиза Акылбековна- Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин
11-классынын окуучусу, окуудагы мыктылыгы жана жаратмандыгы үчүн;
- Абдикаримов Арген Жаңыбаевич- С.Айтматов атындагы орто мектебинин
10-классынын окуучусу, окуудагы жетишкендиги жана ойлоп тапкычтыгы үчүн;
-Абдикутузова Айназик Батырбековна – В.И.Ленин атындагы орто мектебинин
11-классынын окуучусу, окуудагы жетишкендиги үчүн,
-Сайпидинова Самара Эмилбековна – Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин
9-классынын окуучусу, окуудагы жетишкендиги үчүн,
-Исамидинов Эмилбек Эралиевич- Кызыл-Жол орто мектебинин 11-классынын окуучусу, спорттогу жетишкендиги үчүн;
3.Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” наамын тапшыруу жобого ылайык жүргүзүлсүн.
4.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын
Төрага |
А.Аширов |