Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 58
Баткен шаарынын Базар-Башы аймагынын башкы планына ылайык И.Каюмов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктин карамагындагы 3,32га жер аянтына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пункту, 4-берененин 5-пунктуна Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 16-майдагы №02-6/1843 чыгыш катынын, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Базар-Башы аймагынын башкы планына ылайык И.Каюмов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктин карамагындагы 3,32га жер аянтынын төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Бала бакча үчүн бөлүнгөн 0,40 га жер аянты И.Каюмов көчөсүнө батышка карай жылдырылсын;
-Комплекстүү курулуштарды куруу үчүн ( АТО башчысынын кабинети 0,01 га, ФАП -0,04 га, дүкөн үчүн -0,01 га ) курулуу үчүн жалпы 0,06 га жер аянты ажыратылууга макулдук берилсин.
2.Базар-Башы аймактык башкармалыгынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү иш кагаздарын жасоо жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |