Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 59
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша-Жай участкасындагы Сатыбалдыева Айымбаны Мамадаминовнанын
турак жайынын 616,11 м2 жер тилкесин Ц-3 (товар сактоо, соода тейлөө кампа) багытындагы жер тилкени, Ж-1 (турак жай зонасы) багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-марттагы №Ж-196 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-марттагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша-Жай участкасындагы Сатыбалдыева Айымбаны Мамадаминовнанын турак жайынын 616,11 м2 жер тилкесин Ц-3 (товар сактоо, соода тейлөө кампа) багытындагы жер тилкени, Ж-1 (турак жай зонасы) багытына которууга макулдук берилсин.
2.Сатыбалдыева Айымбанын жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |