Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 60
Баткен шаарынын М.Кадыр жана Б.Ходжаев көчөлөрүнүн
кесилишиндеги 1320 м2 ээсиз бош турган жер аянтын Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алуусуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 3-статьясынын 8; 13- пунктарына, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 17-майындагы №02-6/332 кызматтык катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын М.Кадыр жана Б.Ходжаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1320 м2 ээсиз бош турган жер аянты, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алынсын.
2.Аталган жер аянтын муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алуу жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бураканов/ тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |