Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 61
Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндөгү (Айкөл кафесинин
түндүк тарабындагы) 270 м2 муниципалдык жер аянтын “Баткен областтык мергенчилер жана балыкчылар коомуна” административдик имарат куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пункту, 4-берененин 5-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 7-майдагы катынын жана Баткен шаар куруу архитектура башкармасынын 2024-жылдын 17-апрелиндеги корутундусуна, Баткен шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндөгү (Айкөл кафесинин түндүк тарабындагы) 270 м2 муниципалдык жер аянтын “Баткен областтык мергенчилер жана балыкчылар коомуна” административдик имарат куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүнүп берилген жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылды.
3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Шаар калкына токтом Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |