Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 360 токтому менен бекитилди) |
2024–2030-жылдарга “Базальт булалары жана материалдары”
мамлекеттик программасы
2024–2030-жылдарга базальт буласынын жана материалдарынын өнөр жай өндүрүшүн түзүү боюнча мамлекеттик программа (мындан ары – Мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасында болгон жогорку сапаттуу базальт кендеринин жана заманбап эл аралык технологияларды жана жабдууларды, ошондой эле эл аралык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистерди жана технологдорду тартуу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде жаңы базальт өнөр жайы тармагын түзүүгө багытталган.
Мамлекеттик программада базальт үзгүлтүксүз буласын (мындан ары – БҮБ), бекемдөөчү жана композиттик материалдарды (мындан ары – БКМ), базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды (мындан ары – БЖМ) өндүрүү боюнча жаңы заводдорду ишке киргизүү, базальт продукциясын курулуш тармагында, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулушта, энергетикада, өнөр жайда жана жогорку технологиялык базальт продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн кеңири колдонуу каралган.
Ушул Программадагы жоболор 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына шайкеш келет. Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т тескемесине ылайык даярдалган.
1.1. Базальт продукциясынын мүнөздөмөлөрү
Базальт буласы – бул дүйнөлүк экономикада курулуш, тоо-кен өнөр жайы, автомобиль куруу, авиация өнөр жайы, электротехника жана электроника, энергетика жана башкалар сыяктуу акыркы колдонуунун ар түрдүү тармактарында колдонулуучу универсалдуу материал. Базальт буласы композиттик материал катары колдонулган акыркы пайдалануудагы продукцияны өндүрүүнүн көбөйүшү базальт буласына болгон суроо-талапты күчөтөт деп күтүлүүдө.
Базальт буласы жана материалдары уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ:
– буланын үзүлбөстүгүнүн салыштырмалуу жогору бекемдиги;
– агрессивдүү чөйрөнүн таасирине жогорку коррозиялык жана химиялык туруктуулугу;
– базальт буласынын жогору термикалык туруктуулугу;
– өзгөрүлмө жүктөмгө жогору туруктуулугу жана чыдамдуулугу;
– жогорку электр изоляциялык мүнөздөмөлөрү, электрмагниттик нурлануу үчүн радио толкундарды өткөрүү;
– айнек булага караганда 6–8 эсеге төмөн гигроскопиялуулугу;
– башка органикалык эмес байланыштыруучу материалдар менен шайкештиги;
– бирдей бекемдикти камсыздоодо арматуранын базальт аналогдорунун болот аналогдорго караганда жеңил болушу.
Бетон үчүн арматура катары базальт буладан жасалган дат баспас болоттун композиттик өзөктөрүн колдонуу курулуш тармагында базальт буласын негизги колдонуулардын бири болуп саналат. Эксперттердин маалыматы боюнча бекемдиги болот аналогдорунан үч эсе жогору болгон базальт композиттери коррозияга жана башка тышкы таасирлерге туруктуу болот. Курулуш секторундагы туруктуулук жана чыгымдарды минималдаштыруу боюнча тынчсыздануу биринчи кезекте базальт буласына болгон жогорку муктаждыкты аныктайт. Бул баарынан мурда бекемдөөчү базальт материалдарын: көлөмдүү бекемдөө үчүн кесилген базальт буласын колдонуу жана курулуш тармагында жана жол курууда бетон, арматура, бекемдөөчү торлордун жаракага туруктуулугун жогорулатуу. Салмагы 8 эседен кем эмес бул бекемдөөчү материалдар болот арматуранын ордуна колдонулат.
| 1-таблица |
Композиттик жана болот арматуранын салыштырмалуу
мүнөздөмөлөрү
Композиттик БҮБ арматурасы | А3, А4 болот арматура | ||
БКМ, Ф диаметри (мм) | Тоннадагы узата метрдин саны | А3 болот арматуранын ордуна колдонуу, Ф диаметри (мм) | А3, А4 тоннадагы узата метрдин саны |
4АКБ, Ф 4 | 48 780 | 6 А3, Ф 6 | 4 504 |
6АКБ, Ф 6 | 20 618 | 8 А3, Ф 8 | 2 531 |
7АКБ, Ф 7 | 17 820 | 10 А3, Ф 10 | 1 620 |
8АКБ, Ф 8 | 11 299 | 12 А3, Ф 12 | 1 126 |
10АКБ, Ф 10 | 7 092 | 14 А3, Ф 14 | 826 |
Эксперттер болот аналогдорго караганда бекемдиги үч эсе жогору болгон базальт композиттери, түтүктөрү коррозияга жана тышкы таасирлердин башка түрлөрүнө дуушар болбой тургандыгын белгилейт.
| 2-таблица |
Композиттик материалдардын жана болоттун салыштырмалуу
мүнөздөмөлөрү
Мүнөздөмөлөр жана көрсөткүчтөр | Кеме куруучу болот | БҮБ арматурасы |
Үзүлбөй тургандыгы, МПа | 390 | 1300–1400 |
Серпилгичтүүлүк модулу, ГПа | 200 | 79–90 |
Материалдын тыгыздыгы, кг/м3 | 7856 | 1800 |
Жылуулук кеңейтүү коэффициенти, % | 14 | 1.5 |
Коррозиялык жана химиялык туруктуулугу | коррозияга дуушар болот | коррозияга дуушар болбойт |
Колдонуу температурасы, 0С | –50 … +400гө чейин | –100 … +600гө чейин |
Жылуулук өткөрүү коэффициенти, Вт/(м оС) | 47 | 0.37 |
БҮБны өзү өндүрүүдө БҮБ композиттеринин наркы болоттон жасалган аналогдук конструкциялардын наркынан 1,6–1,8 эсе төмөн | ||
Эксперттердин маалыматы боюнча базальт буласы бир кыйла жогорку механикалык мүнөздөмөлөргө ээ, көмүртек жана айнек буласына караганда арзан. Ал өзгөчөлүктөрү жана наркы, өндүрүштүн өздүк наркы, табигый сырьенун болушу боюнча айнек буласынан жана кымбат көмүртек буласынан жогору турат. Акыркы колдонуунун ар түрдүү продуктуларын өндүрүү үчүн композит катары колдонуудан тышкары аэрокосмос жана автомобиль өнөр жайында отко чыдамдуу текстиль катары колдонулат. Базальт буласы төмөн температурада өзүнүн мүнөздөмөлөрүн сактайт, кислотага туруктуу жана ультра кызгылт көк жана жогорку энергиялуу электрмагниттик нурланууга туруктуу болот.
| 3-таблица |
Базальт буласынын башка булаларга салыштырмалуу мүнөздөмөлөрү
Мүнөздөмөлөрү | Базальт үзгүлтүк-сүз буласы | E – айнек буласы | S – айнек буласы | Көмүртек буласы |
Үзүлбөй тургандыгы, МПа | 3200–4500 4600–5100* | 3000–3800 | 4020–4650 | 3500–6000 |
Серпилгичтүүлүк модулу, ГПа | 79,3–93 | 72,5–75,5 | 83–86 | 250–450 |
Чоюлчаактыгы, % | 2,5–3,1 | 4,7 | 5,3 | 1,5–2,0 |
Баштапкы буланын диаметри, микрон | 6–21 | 6–21 | 6–21 | 5–15 |
Tex (салмагы грамм менен 1 км ровинг) | 60–4200 | 40–4200 | 40–4200 | 60–2400 |
Колдонуу температурасы, °С | –200 +600 | –50 +350 | –50 +300 | –50 +400 |
Өнөр жай өндүрүшүнүн өздүк наркы, АКШ долл./кг | 0,6–1,2** | 0,9–1,4 | 2,5–3,0 | 20–30 |
Сатуу баасы, АКШ долл./кг | 2,3–3,0 | 1,0–2.0 | 3,5–4,5 | 25–50 |
Өндүрүүнүн дүйнөлүк көлөмү жылына миң тонна | 70 | 8 600 | до 450 | 140–150 |
* Бекемдиги жогору була авиацияда жана ракетада колдонуу үчүн алынган ** 0,6–1,2 АКШ долл./кг наркы жылына 5–10–12 миң тонна долбоордук өндүрүмдүүлүктөгү заводдун өнөр жай өндүрүшүнүн шарттары үчүн көрсөтүлгөн | ||||
Бүгүнкү күндө эл аралык коомчулукта экологиялык таза жана оңой иштетилүүчү булалуу жана композиттик буюмдарга талап жана суроо-талап өсүүдө. Өнүккөн өлкөлөр көмүр суутектен жасалган продуктуларга эмес, экологиялык таза продуктуларды колдонууга басым жасоодо. Өнүккөн өлкөлөр экологиялык таза бекемдөөчү жана конструкциялык материалдарды колдонууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгууларды азайтууга жана өнөр жайды декарбонизациялоого басым жасоодо. БҮБ экология жана энергияны үнөмдөө боюнча ушул талаптарга толук жооп берет, ал эми БҮБ материалдарын өндүрүү “муздак” технологияларды колдонууга негизделген.
Кыргыз Республикасы үчүн базальт буласын жана материалдарын өзү өндүрүүнү ишке киргизүү импорттон көз карандылыкты азайтуу жана ташып келүүчү курулуш материалдарын базальт буласынан жасалган өз өндүрүшүндөгү материалдар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу стратегиялык жактан маанилүү болуп саналат. Мындан тышкары өндүрүштүк базаны түзүү бекемдөөчү жана композиттик материалдарды кеңири колдонууга, энергияны үнөмдөөгө, имараттарды жана курулмаларды өрттөн коргоону жакшыртууга багытталган программаларды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Заманбап технологиялардын жана жабдуулардын негизинде жаңы базальт өнөр жайы тармагын, “узун” жергиликтүү базальттарды түзүү өнөр жайды өнүктүрүүнү, экономикалык көз карандысыздыкты камсыздайт жана узак келечекке Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатат, ошондой эле өлкөдөгү квалификациялуу жумуш орундарынын санын олуттуу көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
1.2. Технологияларга жеткиликтүүлүк
Акыркы жылдарда табылган технологиялык иштеп чыгуулар жана чечимдер өндүрүштүн энергия сыйымдуулугун олуттуу төмөндөтүүгө жана базальт продукциясынын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди, бул эл аралык рынокто базальтка болгон кызыгууну стимулдаштырды.
Технологиялык жабдууларды иштеп чыгууда, даярдоодо, монтаждоодо жана ишке киргизүүдө, базальт продукциясын өндүрүүнү уюштурууда чоң тажрыйбага ээ эл аралык илимий-өндүрүштүк компаниялар Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча технологиялык өнөктөш болот.
| 4-таблица |
Технологиялык жабдуунун негизги
техникалык мүнөздөмөлөрү
Негизги техникалык мүнөздөмөлөр | Өлчөө бирдиги | Үчүнчү муун (TE BCF 2000) | Төртүнчү муун (TE BCF 2500) |
Линиянын өндүрүмдүүлүгү | тонна/ жылына | 2000–2500 | 2500–3000 |
Баштапкы БҮБны иштеп чыгуу түйүндөрүнүн саны | даана | 22 | 14 |
Газдын чыгымы, м3/саат | м3/саат | 160 | 110 |
1 тонна УББны өндүрүүгө газдын салыштырмалуу чыгымы | м3/тонна | 500–600 | 300–350 |
Керектелүүчү кубаттуулук (220/380,50Гц) | кВА | 350 | 260 |
1 тонна БҮБны өндүрүүгө электр энергиянын салыштырмалуу чыгымы | кВт/саат | 900 | 650 |
Жыл бою иштөө режими | сутка/жыл | 350–360 | 350–360 |
Кыргыз Республикасында базальт продукциясын өндүрүү боюнча заводдорду түзүү үчүн үчүнчү жана төртүнчү муундагы бир кыйла заманбап, натыйжалуу технологиялар жана жабдуулар сунушталат, алар энергия булактарынын салыштырмалуу чыгымдарын олуттуу азайтууга (жаратылыш газын алты эсе, электр энергиясын үч эсе) мүмкүндүк берет. Жогорку сапаттагы базальт сырьесу болгондо жана бир кыйла өндүрүмдүү фильердик камсыздоочуларды, заводдун даярдалган персоналын колдонуу менен базальт үзгүлтүксүз буласын өндүрүүгө эмгек чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүгү бар.
Үчүнчү муундагы технологиялык линиялар өндүрүштү баштоо жана заводдун персоналын окутуу үчүн биринчи этапта колдонулат. Төртүнчү муундагы технологиялык линияларда таш эритүүчү агрегаттар энергияны аз керектөө менен бир кыйла өндүрүмдүү колдонулат. Алар жогорку сапаттагы базальт сырьесу жана даярдалган квалификациялуу персонал болгондо колдонулат.
Заводдун биринчи кезектеги өндүрүмдүүлүгү жылына 5 миң тоннадан кем эмес, экинчи кезектеги долбоордук өндүрүмдүүлүгү жылына 10–12 миң тоннадан кем эмес. Заводдорду долбоордук өндүрүмдүүлүккө чыгаруу заводдун персоналын окутууга жана продукцияны сатуу көлөмүнүн өсүшүнө жараша этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул типтеги заводдор модулдук принцип боюнча этап-этабы менен өлкөдө жана экспортко продукцияны сатуу көлөмүнүн өсүшүнө жараша өндүрүмдүүлүк жылына 12, 25, 50 жана 100 миң тоннага өсүү менен түзүлөт.
1.3. Колдонуунун кеңири спектри
Базальт үзгүлтүксүз буласы жана материалдар адамдын жашоосунун бардык тармактарында колдонулууда жана мындан ары да бир кыйла кеңири колдонулат. Базальт материалдары бир кыйла талап кылынган багыттар: имараттарды жана курулмаларды жер титирөөгө туруктуу куруу (бетондоодо жана бекемдөөдө композиттик материалдарды колдонуу; бышык жаңы изоляциялык материалдарды колдонуу; өрткө каршы материалдар); энергетика (чакан ГЭСтерди куруу, электр берүү линияларын куруу, изоляциялоочу материалдарды өндүрүү); жол куруунун сапатын жакшыртуу (асфальт бетон жолдорду жана башка төшөлмөлөрдү көлөмдүү бекемдөөдө фибраны колдонуу); суу чарбасында бышык чечимдерди пайдалануу (бышык түтүктөрдү, суу бассейндерин, каналдарын жана арыктарды пайдалануу); энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөөнү камсыздоо (композиттик жылуулук изоляциялоочу материалдар; инновациялык сэндвич панелдер; электр изоляциялоочу материалдар; композиттик таянычтар; электр өткөрүүчү линиялардын көтөрүүчү зымдары); зыяндуу атмосфералык чыгууларды азайтуу (жылуулук изоляциялоочу чечимдердин натыйжасы жана металлургия тармагынын продукциясынан баш тартуу, комплекттөөчүлөрдүн, фильтрлердин натыйжалуулугун жана бышыктыгын жогорулатуу) болуп саналат.
Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайдын базальт тармагын түзүү маанилүү эл аралык программаларга катышууга уникалдуу мүмкүндүк берет: жер титирөөгө туруктуу курулушта базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү материалдарды колдонуу (сейсмикалык активдүүлүгү жогору өлкөлөр үчүн), “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгууларды азайтуу жана өнөр жайды декарбонизациялоо, бул өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатат жана эл аралык экономикада жана инновацияларда уникалдуу орунду ээлөөгө, базальт продукциясын өндүрүү боюнча заводдорду түзүүгө, илимий-изилдөөнүн иштеп чыгууларын жүргүзүүгө эл аралык фонддордун жана банктардын финансылык каражаттарын тартууга мүмкүндүк берет.
Өнөр жайдын базальт тармагын түзүү базальт үзгүлтүксүз буласын, бекемдөөчү материалдарды жана композиттик буюмдарды иштеп чыгуу жаатында өлкөнүн илимий-изилдөө жана илимий-технологиялык потенциалын өнүктүрүүгө шарт түзөт, алар жакынкы келечекте дүйнөлүк экономиканын композиттик тармагын өнүктүрүүнүн негизин аныктайт.
| 5-таблица |
Базальт продукциясынын түрлөрү жана экономика тармактарында
колдонуу
Базальт буласынан жасалган баштапкы материалдар | Базальт буласынын негизинде жасалган материалдар жана буюмдар | Экономика тармактарында колдонуу |
Базальт үзгүлтүксүз буласы: буланын диаметри d = 8–11 мкм, узундугу 20–100 км | ||
Комплекстүү чыйратылган жиптер, ровингдер | Жука кездемелер, электр изоляциялоочу кездемелер, ленталар. Электр изоляциялоочу материалдарды, электрондук түзүлүштөр жана компьютерлер үчүн көп катмарлуу платаларды өндүрүү. Композиттерди өндүрүү үчүн жука кездемелер. Кылдат тазалоо үчүн токулган жана токулбаган фильтрлер | Өндүрүштүн электрондук, электротехника-лык, авиациялык жана автомобилдик, химиялык, биологиялык жана медициналык тармактары |
Базальт үзгүлтүксүз буласы: буланын диаметри d = 12–14 мкм | ||
Ровингдер, директ-ровингдер, комплекстүү чыйратылган жиптер, кесилген була | Чыйратылган жиптерден жасалган кездемелер, ровинг кездемелери. Препрегдер. Электр изоляциялоочу кездемелер. Торлор. Рулон жана лист түрүндөгү пластиктер. Жумшак чатырдын жана гидроизоляция-нын негизи. Көтөрүүчү зымдар, тростор, татаал формадагы профилдер; өзөктөр, арматура жана кичинекей диаметрдеги түтүктөр; жогорку басымдагы баллондор жана идиштер. Пластмассаны көлөмдүү бекемдөөчү кесилген була. Базальт кагазы. Геотекстиль материалдары: жол торлору, жол каптамдарын бекемдөө үчүн конструкциялык кездемелер. Жылуулук-үн изоляциялоо жана отко чыдамдуу материалдар үчүн ийне тешүүчү кездемелер | Электротехника-лык жана электрондук тармактар. Энергетика. Өндүрүштүн машина куруу, автомобиль, кеме куруу жана башка базалык тармактары. Композиттик материалдарды өндүрүү. Курулуш тармагы, жол куруу. Бекемдөөчү материалдарды өндүрүү
|
Базальт үзгүлтүксүз буласы: буланын диаметри: d = 15–18 мкм | ||
Ровингдер жана кесилген була | Арматура, бекемдөөчү торлор, профилдер, орто, чоң жана өтө чоң диаметрдеги түтүктөр, композиттик конструкциялар. Кесилген була кездемелери. Калың ровинг кездемелер. Ийне тешүүчү кездемелер. Бетондорду, асфальтбетондорду, фрикциялык материалдарды (тормоз колодкалары, муфта дисктери) бекемдөө үчүн кесилген булалар. Композиттер, кеме куруу үчүн күйбөй турган материалдар. Геотекстиль материалдары – жол каптамдарын, үйүлгөн, тапталган топурактарды жана жердин кыртышын эрозияга каршы бекемдөө үчүн торлор | Машина куруу, автомобиль куруу, кеме куруу. Курулуш материалдары өнөр жайы. Өнөр жай жана жол куруу. Жээк бекемдөө, жээктеги жана порттогу курулуш |
Базальт буласы: буланын диаметри: диаметр d = 19–20 мкм | ||
Кесилген була | Бетондорду жана асфальт-бетон жол каптамдарын көлөмдүү бекемдөө үчүн кесилген булалар | Өнөр жайлык жана жол курулушу |
2. Мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти талдоо
2.1. Сырье базасы
Эксперттердин маалыматтары боюнча базальт тектери магмалык тектерге кирет, табигый химиялык жана жылуулук туруктуулугу жогору. Була өндүрүү үчүн базальт запастары жеткиликтүү жана эбегейсиз (дээрлик түгөнгүс – жер кыртышынын 30 пайызы базальт тектеринен турат). Негизги “узун” базальт тектери үзгүлтүксүз булаларды өндүрүү үчүн жарактуу. Элементардык буланын 9–14 микрон диаметри бар узундугу 200 км чейинки үзгүлтүксүз буланы өндүрүү үчүн базальт сырьесуна өтө жогорку талаптар коюлат.
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө базальт тектерине изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн көп жылдык практикасынан базальттын ар бир кени эле буланы, андан да үзгүлтүксүз буланы өндүрүү үчүн жарактуу эмес экени аныкталган. Ошондуктан базальт тектеринин чыккан жерлерин жана карьерлерин изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү, кен чыккан жерлердин типтерин классификациялоо, базальттардын жайгашуу түзүмүн, кен чыккан жерлердин базальттарына аралашмалардын жана бир тектүү эмес кошулмалардын болушун, башка жагымдуу жана жагымсыз факторлорду баалоо милдеттүү түрдө талап кылынат.
Кыргыз Республикасында мурда базальт кендери курулуш шагылдары катары аларды колдонуу планында гана каралып келген. 2023-жылдын июль–октябрында биринчи жолу 48 базальт кенин изилдөө жүргүзүлгөн, базальт үлгүлөрү тандалып алынган жана алардын эришине, эритиндилерине жана баштапкы булаларына изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 3 кен чыккан жер боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча эритмелери узак базальт үзгүлтүксүз буласын өндүрүү үчүн жарактуу болгон жана жаңы базальт өнөр жайы тармагын түзүү мүмкүн болгон базальт сырьесунун жарактуулук даражасы жөнүндө оң корутунду берилген.
Эң мыкты “узун” базальт кендери – бул өндүрүштүн потенциалдуу төмөн өздүк наркы менен катар Кыргыз Республикасынын маанилүү атаандаштыктагы артыкчылыгы. Шагылды казып алуу боюнча карьердеги майдаланган базальттын наркы тоннасына 5 АКШ долларын түзөт. Базальтты бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү үчүн алардын болоттон жасалган аналогдорун өндүрүүгө караганда 19–21 эсе аз энергия алып жүрүүчүлөр талап кылынат.
Эң мыкты кен чыккан жерлерди биротоло тандоо үчүн республиканын түндүгүндөгү базальт кендерин изилдөөлөрдү аяктоо үчүн иштерди улантуу талап кылынат. Республиканын түштүк региондорундагы базальт кендерин масштабдуу изилдөөлөрдү баштоо алдыда турат.
Бир кен чыккан жердин эле базальт запастары заводдордун келечекте узак иштеши үчүн жетиштүү болот.
Кыргызстандын түштүк региондорундагы базальт кендерин изилдөө боюнча издөө иштерин баштоо максатка ылайыктуу.
Кыргыз Республикасында жогорку сапаттагы базальт сырьесунун кендери жакынкы жана узак келечекке ички рынокто жана дүйнөлүк рынокто талап кылынган бекемдөөчү жана композиттик материалдардын көптөгөн материалдарын жана буюмдарын өндүрүү үчүн базальт тармагынын заводдорун түзүүгө мүмкүндүк берет.
2.2. Импортту алмаштыруу
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы болот арматураларды, профилдерди, түтүктөрдү жана башка материалдарды жана болоттон жасалган буюмдарды жеткирүүдөн толук импорттук көз карандылыкта турат. Расмий статистикага ылайык кара металлдардын жана буюмдардын импортунун жылдык көлөмү болжол менен 390 млн АКШ долларын түзөт. Болот буюмдарын жеткирүүдөн импорттук көз карандылык жеткирүүлөрдүн физикалык көлөмүндө жана айрыкча акчалай эсептөөдө жалаң гана өсөт. Болоттон жасалган материалдардын жана буюмдардын наркы акыркы жылдары 2–3 эсеге өстү жана орто мөөнөттүү келечекте баалардын өсүшү улантылат, бул эл аралык рынокто металлургиялык кокстун баасынын кескин көтөрүлүшү менен шартталган.
Базальт өнөр жайы тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык баалуулугу импортту алмаштыруу жана тышкы рынокторго көз карандылыкты азайтуу мүмкүнчүлүгүндө турат.
Базальт буласынын базасында бекемдөөчү жана композиттик материалдар пайдалануунун татаал шарттарында – нымдуу жана щелочтуу чөйрөдө, кескин континенттик климаттык шарттарда, белги өзгөрүлмө жүктөмдөрдө болот буюмдарга салыштырмалуу атаандаштык артыкчылыктарга ээ. Базальт тармагынын продукциясы курулуш тармагы, курулуш материалдарын өндүрүү, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулуш, коммуналдык жана суу чарбасы үчүн активдүү колдонулушу мүмкүн. Потенциалдуу продукциянын тизмеги кеңири спектрге ээ: бетондорду жана асфальт-бетондорду бекемдөө үчүн базальт фибрасы, токулбаган базальт материалдары, курулуш жана жол торлору, композиттик арматура, бекемдөөчү торлор, ар кандай формадагы жана татаалдыктагы бекемдөөчү профилдер, орто жана чоң диаметрдеги түтүктөр, темир жол жана электр транспортунун байланыш тармагынын жана жарыктандыруу таянычтары, цистерналар, идиштер.
2.3. Энергия натыйжалуулугу
Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө программасын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун курч зарылдыгы келип чыкты, бул электр энергиясынын тартыштыгынын шарттарында өзгөчө актуалдуу. Тоскоол болгон факторлордун бири минералдык жүн жылуулук изоляциялоочу материалдардын импортуна көз карандылыктын жогорку даражасы болуп саналат.
Базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводдорду түзүү имараттарды жана курулмаларды жылуулоо үчүн заманбап материалдарды колдонууга өбөлгө түзөт, бул энергиянын натыйжалуулугун жогорулатат жана электр энергиясын керектөөнү азайтат. Кыргыз Республикасына бардык жылуулук изоляциялоочу материалдар, анын ичинде өрт коркунучу бар пенопласт, көбүктөлгөн полистирол сыяктуу күйүүчү материалдар импорттолот.
Базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды колдонуу менен энергияны үнөмдөө маселелерин чечүү үчүн түндүктө Чүй облусунун Чүй районунда жана түштүктө Ош шаарынын тегерегинде жылына 70 миң тоннага чейин жалпы өндүрүмдүүлүктөгү эң аз дегенде эки заводду түзүү мүмкүнчүлүгү бар.
Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, Европа бирлигинин өлкөлөрү үчүн колдонулуп жаткан ченемдер боюнча базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды керектөөнүн жылдык ченемдери ар бир жашоочуга жылына 10 м3 түзөт.
2.4. Экспорттук мүмкүнчүлүктөр
Композиттик материалдардын жалпы дүйнөлүк рыногу активдүү өнүгүп жатат, бул узак мөөнөттүү келечекте да байкалат. 2022-жылы ал 103 млрд АКШ долларына бааланса, ал эми 2028-жылы анын наркы 148 млрд АКШ долларын түзөт.
Мурунку 50 жылдын ичинде композиттерди өндүрүүнүн жылдык өсүш темпи 10–14 пайызды түзгөн. 2024–2028-жылдар мезгилинде композиттерди өндүрүүнүн көлөмүнүн жылдык өсүшү орточо 6–8 пайызды түзөт. Базальт материалдарын өндүрүүнүн жана колдонуунун өсүш темпи кыйла жогору болот, бул мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы, бекемдөөчү материалдарды колдонуунун кошумча чөйрөсү, жол каптамдары үчүн эксплуатациялоонун өзгөчө татаал шарттарында, электромобилдерде (Европа бирлигинин өлкөлөрүндө 2030-жылга карата электромобилдерди чыгарууга толук өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган), деңиз чөйрөсүндө композиттерди колдонуу, дээрлик чексиз сырье базасынын болушу, энергияны аз керектөө (болот өндүрүүдөн 18–20 эсе төмөн), өндүрүштүн экологиялык тазалыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасындагы базальт кендерине жүргүзүлгөн алгачкы изилдөөлөр, ошондой эле мүмкүн болгон өнөр жай потенциалын талдоо базальт өнөр жайы тармагы алтын казып алуу менен катар экспортко багытталган алдыңкы багыт болуп калышы мүмкүн экендигин көрсөттү. Заводдорду түзүү жана сатуу рынокторун талдоо боюнча эл аралык сыноо базальт буласы жана материалдары дүйнөлүк рынокто чоң көлөмдө, жылына 4 млн тоннадан кем эмес суроо-талапка ээ экенин көрсөтүп турат.
Азыркы убакта базальт үзгүлтүксүз буласына жана материалдарына дүйнөлүк муктаждык 25 млрд АКШ долларын түзөт жана жыл сайын 12 пайызга өсүүдө. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык базальт продукциясын керектөө рыногунун жалпы көлөмү 2030-жылга карата 50 млрд АКШ долларына чейин өсөт. Бул тез өсүш негизинен европалык автомобиль өнөр жайынын композиттик базальт кузовдоруна болгон муктаждыгынан, ошондой эле өзүнүн металлургиялык өнөр жайы жок өлкөлөрдүн бекемдөөчү базальт материалдарына болгон муктаждыгынан келип чыгат.
Базальт продукциясына суроо-талап учурдагы дүйнөлүк өндүрүштүн көлөмүнөн кыйла жогору. Базальт буласы үзүлүүгө карата жогорку бекемдүүлүк, дат басууга карата туруктуулук, бышык, термикалык туруктуулук касиеттерге ээ болуу менен салттуу материалдарга күчтүү атаандаш болуп калат. Бул мүнөздөмөлөр базальт буласын көптөгөн заманбап жогорку технологиялык өндүрүштөр – атомдук энергетика, автомобиль, аэрокосмос, курулуш, деңиз, телекоммуникация, коргонуу өнөр жайы жана башкалар үчүн идеалдуу тандоо кылат. Дүйнөдө сапаттуу сырьенун чектүүлүгү жана базальт материалдарын берүүчүлөрдүн жетишсиздиги рынокту өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.
Базальт үзгүлтүксүз буласынын, бекемдөөчү жана композиттик материалдардын эң ири потенциалдуу керектөөчүлөрү АКШ, Кытай, европа өлкөлөрү, Индия болуп саналат. Бул өлкөлөрдө композиттерди өндүрүү үчүн базальт материалдары абдан талап кылынат. Мындан тышкары дүйнөдө өзүнүн металлургиялык өнөр жайы жок жана импорттолуучу металл буюмдарынын ордуна бекемдөөчү жана композиттик материалдарды берүүгө муктаж болгон ондогон потенциалдуу керектөөчү өлкө бар. Өз мүнөздөмөлөрү боюнча бекемдөөчү жана композиттик базальт материалдары болоттон жасалган материалдардан жогору жана алардын болоттон жасалган аналогдоруна караганда 5 пайызга арзан.
3. Болжолдоолор жана узак мөөнөттүү максаттар
Мамлекеттик программанын негизги максаты импортту алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасында базальт өнөр жайы тармагындагы заводдорду куруу жана ишке киргизүү, базальт үзгүлтүксүз буласын, бекемдөөчү жана композиттик материалдарды, базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү, базальт буласынын негизиндеги материалдарды кеңири колдонуу, ошондой эле өнөр жайдын экспортко багытталган жогорку технологиялык базальт тармагын түзүү болуп саналат.
Өнөр жайдын жаңы тармагын ишке киргизүүнүн натыйжасы катары экономиканын кошумча наркынын өсүшү болот, ал эми базальт продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2030-жылга карата 200 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 80 млн АКШ доллары тышкы рынокторго чыгарылат. Мындан тышкары курулуш материалдарынын көптөгөн позициялары боюнча импорттук көз карандылык азаят жана импортту алмаштыруунун жылдык көлөмү 90 млн АКШ долларын түзөт.
Базальт өнөр жайы тармагын өндүрүүнүн физикалык көлөмү жылына болжол менен 12 миң тоннага жакын базальт буласын жана бекемделген композиттик материалдарды, 30 миң тонна жылуулук изоляциялоочу материалдарды түзөт. 2030-жылга карата болжол менен 1000 жогорку өндүрүмдүү жаңы жумуш орундары түзүлөт, ал эми андан ары 2050-жылга карата өнөр жайдын базальт тармагындагы жумуш орундарынын саны 12 миңге жетет.
Базальт өнөр жайы тармагын түзүү экспортко багытталган экономиканын чектеш тармактарын өнүктүрүүнү стимулдаштырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жогорку технологиялык жана инновациялык өндүрүштүн катализатору болуп кызмат кылат. Бул тармактын өнүгүшүнүн аркасында Кыргыз Республикасы башында базальт үзгүлтүксүз буласын өндүрүүчү беш өлкөнүн катарына кирет, андан кийин базальттын негизинде бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү көлөмдөрү боюнча алдыңкы орунга чыгат. 2030-жылга карата Кыргыз Республикасы глобалдык экономикалык татаалдык индекси (Economy Complexity Index) боюнча дүйнөнүн эң мыкты 40–45 өлкөсүнүн катарына кирет.
4. Артыкчылыктуу багыттар
2024–2030-жылдарга базальт өнөр жайы тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын чаралары колдо болгон сырье базасын, технологияларга жетүү мүмкүндүгүн, адистердин жана технологдордун болушун, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, финансылык ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн эске алуу менен төмөнкү багыттарды камтыйт:
1. Мурда изилденген жана тастыкталган базальт кендерин даярдоо жана өнөр жайлык иштетүү, ошондой эле жылуулук изоляциялоочу булаларды жана үзгүлтүксүз булаларды, жогорку бышыктыктагы жогорку модулдуу булаларды өндүрүү үчүн эң жарактуу жаңы кендерди изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү.
2. Базальт сырьесунан, базальт булаларын өндүрүүдөн баштап өнөр жай жана курулуш материалдарына жана буюмдарына чейин андан ары аларды курулуш тармагында, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулушта, энергетикада, өнөр жайда кеңири колдонуу менен толук бүткөн циклдин базальт өндүрүштөрүн түзүү.
3. Үзгүлтүксүз була негизиндеги жогорку технологиялык базальт продукциясын – электр техникалык, кабелдик, электрондук өнөр жай, машина куруу, автомобиль өнөр жайы эл аралык рыноктордо талап кылынган бекемдөөчү жана композиттик материалдарды жана буюмдарды өндүрүү.
4. Курулуш тармагында, жол курулушунда, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, энергетикада, өнөр жайда, суу жана коммуналдык чарбада өздүк өндүрүштөгү базальттык бекемдөөчү, композиттик жана жылуулук изоляциялоочу материалдарды кеңири колдонуу үчүн чөйрө шарттарын камсыз кылуу жана ченемдик укуктук документтерди жаңылоо.
5. Базальт өнөр жайы тармагындагы заводдору үчүн технологдорду, инженерлерди, өндүрүш жана нөөмөт башчыларын, техниктерди, технологиялык жабдуулардын операторлорун даярдоо үчүн окуу жана лабораториялык базаны түзүү, орнотмо операторлорун, бригадирлерди, мастерлерди, техниктерди базальт өнөр жайы тармагынын түздөн-түз биринчи заводдорунда окутуу талап кылынат.
5. Негизги милдеттер жана чаралар
1-артыкчылык. Базальт сырье базасын даярдоо жана өздөштүрүү (6-таблица)
1.1-милдет. Мурда тандалып алынган 3 “узун” базальт кенин өздөштүрүү.
2023-жылдын июль–октябрь айларында Чүй облусунун Чүй районунда жайгашкан 48 кен чыккан жерге биринчи жолу изилдөө жүргүзүлүп, алардын эритиндиси үзгүлтүксүз булаларды өндүрүү үчүн жарактуу болгон 3 кен тандалып алынган.
Пландалган андан аркы чаралар жана аракеттер:
– өнөр жай өндүрүштөрүн түзүү үчүн эң жарактуу мыкты базальт кендерин терең изилдөө жана кен чыккан жерди базальт сырьесу катары тандоо;
– базальт кендеринин запастарын баалоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– заводдор үчүн базальт сырьесун казып алуу жана майдалоо боюнча карьерди түзүүнүн жумушчу долбоорун иштеп чыгуу;
– карьердин казып алуучу жана майдалагыч жабдууларын орнотуу үчүн аянтчаны пландоо, инженердик коммуникацияларды өткөрүү;
– кендердин жайгашкан жерин жана инженердик тармактарга талап кылынган жүктөмдөрдүн эсептерин көрсөтүү менен архитектуралык суроо-талапты берүү;
– базальт карьерлери үчүн лизингдик жабдууларды сатып алуу же тартуу;
– базальт сырьесун казып алуу жана даярдоо боюнча карьерди түзүү.
1.2-милдет. Жаңы базальт кендерин изилдөөлөрдү жүргүзүү.
Пландалган андан аркы чаралар жана аракеттер:
– Чүй жана Ош облустарында базальт буласын өндүрүү үчүн кыйла жарактуу базальт тектери чыккан жерлерди издөө жана тандоо;
– мурда аныкталган потенциалдуу кен чыккан жерлерден базальттардын үлгүлөрүн тандап алуу жана базальттардын эритиндилерине алгачкы изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын мүнөздөмөлөрүн жана баштапкы булалардын сапатын баалоо;
– алгачкы изилдөөлөрдүн натыйжасында оң баага ээ болгон базальттарга тереңдетилген изилдөөлөрдү жүргүзүү;
– үзгүлтүксүз булалардын сыноо партиясын өндүрүү, буланы иштеп чыгуунун технологиялык параметрлерин иштеп чыгуу;
– буланын сыноо партияларынын бекемдик, ийилчектик, жылуулук жана химиялык туруктуулук боюнча мүнөздөмөлөрүн баалоо;
– базальт үзгүлтүксүз буласын өндүрүүнүн техникалык регламенттерин жана техникалык шарттарды иштеп чыгуу.
1.3-милдет. Өздүк лабораториялык базаны түзүү.
Пландалган андан аркы чаралар жана аракеттер:
– заводдорго түшүүчү базальт сырьесунун сапатына карата техникалык шарттарды, талаптарды иштеп чыгуу;
– үзгүлтүксүз булалардын сыноо партиясын өндүрүү, буланы иштеп чыгуунун технологиялык параметрлерин иштеп чыгуу;
– буланын сыноо партияларынын бекемдик, ийилчектик, жылуулук жана химиялык туруктуулук боюнча мүнөздөмөлөрүн баалоо;
– базальт үзгүлтүксүз буласын өндүрүүнүн техникалык регламенттерин жана техникалык шарттарды иштеп чыгуу.
1-артыкчылыктан күтүлгөн натыйжалар
1-артыкчылыктын иш-чараларын ишке ашыруу заводду түзүү, заводдорго келип түшүүчү майдаланган базальттардын сапатын контролдоо үчүн лабораторияны түзүү үчүн сырье базасын жана өндүрүлгөн базальт булаларынын мүнөздөмөлөрүн контролдоону камсыз кылат. Заводдун лабораториясын техникалык контролдоо лабораториясы жана технологдорду, инженердик-техникалык персоналды, нөөмөт башчыларын, бригадирлерди жана операторлорду окутуу үчүн окуу лабораториясы катары да колдонсо болот.
2-артыкчылык. Толук өндүрүш циклиндеги биринчи заводдорду түзүү (7-таблица)
2.1-милдет. Даярдык иштери жана техникалык-экономикалык негиздеме
Пландалган андан аркы чаралар жана аракеттер:
– жылына 12 миң тонна өндүрүмдүүлүктөгү базальт үзгүлтүксүз буласы жана бекемделген композиттик материалдар заводун куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени, ошондой эле алдын ала долбоорду жеткире иштеп чыгуу жана бекитүү;
– финансылык модели жана деталдуу маркетинг планы менен базальт үзгүлтүксүз буланы жана бекемделген композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду түзүүнүн кеңири бизнес-планын иштеп чыгуу;
– Кыргыз Республикасынын өнөр жай зоналарында базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемделген композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана заводду куруу үчүн бөлүнгөн участокко инженердик коммуникацияларды (жаратылыш газы, электр энергиясы, суу, агын суулар) алып келүү боюнча бардык маселелерди чечүү;
– базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемделген композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруунун жумушчу долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү;
– жылына 30 миң тонна өндүрүмдүүлүк кубаттуулуктагы базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени, ошондой эле алдын ала долбоорду иштеп чыгуу жана бекитүү;
– финансылык модели жана деталдуу маркетинг планы менен базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду түзүүнүн кеңири бизнес-планын иштеп чыгуу;
– Кыргыз Республикасынын өнөр жай зоналарында жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана заводду куруу үчүн бөлүнгөн участокко инженердик коммуникацияларды (жаратылыш газы, электр энергиясы, суу, агын суулар) алып келүү боюнча бардык маселелерди чечүү;
– заводдордун жайгашкан жерин көрсөтүү жана инженердик тармактарга талап кылынган жүктөмдөрдү эсептөө менен архитектуралык суроо-талапты берүү.
2.2-милдет. Технологиялык жабдуулар менен жабдуу
Пландалган андан аркы чаралар жана аракеттер:
– технологиялык чечимдер жана тиешелүү жабдууларды жеткирүү үчүн жооптуу эл аралык илимий-өндүрүштүк компаниялар менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө документтерге кол коюу;
– жылына 5 миң тонна өндүрүмдүүлүктөгү базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводдун биринчи кезеги үчүн технологиялык жабдуулардын комплексин даярдоо жана комплекттөө, фильер кубаттандыруучуларын даярдоо;
– биринчи технологиялык линиянын монтаждоо иштерин аткаруу, көмөкчү жабдуулардын, жогорку басымдагы желдеткичтердин, компрессорлордун ж.б. монтаждоо иштерин аткаруу;
– ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана технологиялык линияны ишке киргизүү жана базальт үзгүлтүксүз буласынын биринчи партияларын чыгаруу;
– эритүүчү мештердин операторлорун өндүрүштүк окутуу, буланы иштеп чыгуу ж.б.;
– жылына 30 миң тонна өндүрүмдүүлүктөгү базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча завод үчүн технологиялык жабдуулардын комплексин даярдоо жана комплекттөө;
– базальт жана доломит сырьесун сактоо, дозалоо жана берүү жабдууларын, байланыштыруучуну, эритүүчү мешти, эритиндини штапель буласына айландыруу жабдууларын, төшөлмөнүн маятниктик жайгычын, базальт жылуулук изоляциялоочу материалдар заводунун технологиялык жабдууларынын плиталарын өндүрүү конвейерин орнотуу боюнча монтаждоо иштерин аткаруу;
– сэндвич-панель өндүрүш цехинин жабдууларын монтаждоо иштерин аткаруу;
– ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана эритүүчү мешти жана жылуулук изоляциялоочу плиталарды өндүрүүнүн технологиялык линиясын ишке киргизүү;
– базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча технологиялык линиянын жана эритүүчү мештердин операторлорун окутуу;
– өндүрүштү ишке киргизүү үчүн зарыл болгон комплекттөөчүлөрдү жана материалдарды берүүчүлөр менен тыгыз байланышты түзүү максатында россиялык экспорттук борбор менен кызматташуу.
2.3-милдет. Заводдорду куруу жана өнөр жайлык ишке киргизүү
Пландалган андан аркы чаралар жана аракеттер:
– базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу жана инженердик коммуникацияларды өткөрүү;
– ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана базальт үзгүлтүксүз буласынын технологиялык линиясынын биринчи модулдарын ишке киргизүү жана биринчи партияларын чыгаруу;
– базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу;
– ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча технологиялык жабдууларды ишке киргизүү жана биринчи партияларын чыгаруу;
– адистерди өндүрүштүк окутуу.
2-артыкчылыктан күтүлгөн натыйжалар
Иш-чараларды ишке ашыруу имараттарды курууну жана заводдордун коммуникацияларын төшөөнү камсыз кылат. Заводдун технологиялык жабдуулар комплексин монтаждоо жана ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери.
3-артыкчылык. Жогорку технологиялуу базальт продукциясын өндүрүү (8-таблица)
3.1-милдет. Стратегиялык ири өнөктөштөрдү тартуу
– Потенциалдуу стратегиялык өнөктөштөр менен жогорку технологиялуу базальт продукциясын өндүрүү жана сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
3.2-милдет. Өндүрүштүн жаңы түрлөрүн жана керектүү жабдууларды долбоорлоо, аларды андан ары ишке киргизүү
– Базальт ровингдеринин жана жиптеринин негизинде өндүрүлгөн продукциянын номенклатурасын кеңейтүү менен жылына 12 миң тонна долбоордук өндүрүмдүүлүктөгү базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводдун экинчи кезектеги өндүрүшүн түзүү.
3-артыкчылыктан күтүлгөн натыйжалар
3-артыкчылыктын иш-чараларын ишке ашыруу жогорку технологиялык композиттик базальт продукциясын өндүрүүгө адистешкен жана өздүк сатуу рыноктору бар чет өлкөлүк компанияларды тартууну камсыз кылат.
4-артыкчылык. Чөйрө шарттарын камсыз кылуу жана ченемдик укуктук базаны жаңылоо (9-таблица)
Кыргызстанда базальт буласынан жасалган материалдарды жана буюмдарды кеңири колдонуу үчүн ыңгайлуу операциялык чөйрөнү, ченемдик базаны түзүү. Базальт буласынан жасалган материалдарды жана буюмдарды кеңири колдонуу үчүн курулуш тармагында, жол курулушунда, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбаларда жана башкаларда базальттын негизиндеги материалдарды колдонуу менен долбоорлоону жана курууну жөнгө салуучу ченемдик базага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо талап кылынат.
4.1-милдет. Тармактык мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу
Милдетти аткаруу боюнча пландаштырылган чаралар:
– базальт материалдарын колдонууну жөнгө салуучу мыкты эл аралык практиканы изилдөө, адаптациялоо жана кабыл алуу;
– курулуш тармагында, жол курулушунда, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада базальт продукциясын пайдалануу, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугу боюнча тармактык мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;
– базальт өнөр жайы тармагын өнүктүрүү маселесин каржылоонун артыкчылыктуу багыты катары мамлекеттер аралык эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун стратегиялык пландарына киргизүү.
4.2-милдет. Мамлекеттик стандарттарды жана регламенттерди жаңылоо
Милдетти аткаруу боюнча пландаштырылган чаралар:
– базальт булаларынын жана бекемдөөчү композиттик материалдардын негизинде продукциянын номенклатурасын түзүү боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
– базальт материалдарын пайдалануу менен долбоорлоону жана курууну караган, атап айтканда: “курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо”, “ички суу түтүк жана канализация”, “имараттардын жылуулугун коргоо”, “мектеп имараттары жана аларды долбоорлоо”, “имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу” менен байланышкан курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңылоо;
– энергетика, өнөр жай, суу жана коммуналдык чарбада имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу үчүн курулуш тармагында, жол курулушунда өздүк өндүрүштөгү базальттык бекемдөөчү, композиттик жана жылуулук изоляциялоочу материалдарды кеңири колдонууну караган ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
4.3-милдет. Базальт тармагына өзгөчө статус берүү
Пландаштырылган андан аркы чаралар жана иш-аракеттер:
– Кыргыз Республикасынын өнөр жай аянтчаларына өзгөчө статус берүү;
– базальт кендерине уруксат берүүчү документтерди берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн режими;
– инженердик коммуникацияларга жөнөкөйлөтүлгөн жана оперативдүү кошуу режими.
4.4-милдет. Инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартуу
Пландаштырылган андан аркы чаралар жана иш-аракеттер:
– композиттик материалдардын эл аралык көргөзмөлөрүнө катышуусу жана өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн маалыматтык жактан жайылтуу;
– потенциалдуу сатуу рыногун түзүү максатында эл аралык илимий өндүрүш компанияларынын, базальт үзгүлтүксүз буласынын заказчыларынын жана керектөөчүлөрүнүн маалымат базасын колдонуу;
– базальт продукциясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана курулуш ченемдерине жана эрежелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө улуттук компанияларга жана потенциалдуу инвесторлорго маалымдоо максатында ар кандай коммуникациялык иш-чараларды уюштуруу;
– потенциалдуу инвесторлордун же өнөктөштөрдүн кызыгуусун жаратуу үчүн сүйлөшүүлөрдү, презентацияларды жана башка иш-чараларды жүргүзүү максатында, композиттик базальт материалдарынын негизги керектөөчүлөрү болгон өлкөлөргө (АКШ, Япония, Германия, Корея, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары ж.б.) эл аралык “бизнес-миссияларды” уюштуруу;
– базальт материалдары, алардын мүнөздөмөлөрү жана артыкчылыктары, ченемдик документтерге киргизилген жаңылыктар менен тааныштыруу үчүн архитекторлор жана долбоорлоо институттары менен масштабдуу консультациялык жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүү;
– базальт технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен “жашыл” технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу менен байланышкан эл аралык программаларга катышуу.
4.5-милдет. Финансылык колдоо
Пландаштырылган андан аркы чаралар жана иш-аракеттер:
– жаңы базальт өнөр жайы тармагын түзүүгө дем берүүнүн фискалдык чараларын иштеп чыгуу;
– өнүктүрүү институттарынын алкагында каржылоону бөлүү;
– мамлекеттик финансылык инструменттерди пайдалануу (финансылык кепилдик берүү, жабдуулардын лизинги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестицияларды камсыздандыруу) аркылуу инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу жана долбоорлордун рентабелдүүлүгүн жогорулатуу.
4-артыкчылыктан күтүлгөн натыйжалар
4-артыкчылыктын иш-чараларын ишке ашыруу базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды, базальт жылуулук изоляциялоочу продукцияны өндүрүү боюнча заводдордун базальт продукциясын кеңири колдонуу үчүн ченемдик базаны түзүүнү камсыз кылат.
5-артыкчылык. Потенциалды, компетенцияларды жана экспертизаларды жогорулатуу (10-таблица)
5.1-милдет. Илимий-изилдөө жана аналитикалык иштерди жүргүзүү
Милдетти аткаруу боюнча пландаштырылган чаралар:
– “Базальт үзгүлтүксүз булаларын жана материалдарын өндүрүү үчүн технологиялар жана жабдуулар. Аларды өнөр жай тармагында, энергетикада, курулуш жана жол куруу тармактарында пайдалануу” деп аталган монографияны даярдоо, жарыялоо;
– монографияны түзүлүп жаткан базальт өнөр жайы тармагы үчүн инженерлерди, технологдорду, адистерди, техниктерди, операторлорду даярдоо үчүн окуу китеби катары пайдалануу;
– Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана заводдун лабораториясынын алдында илимий кадрларды даярдоо жана эл чарбасынын ар түрдүү тармактары үчүн жаңы базальт композиттик материалдарды жана технологияларды иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө борборду уюштуруу;
– базальт үзгүлтүксүз буласын жана базальт продукциясын өндүрүү менен байланышкан бардык ойлоп табууларды жана технологиялык чечимдерди патенттөө.
5.2-милдет. Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо
Милдетти аткаруу боюнча пландаштырылган чаралар:
– Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында базальт өнөр жайы тармагындагы заводдор үчүн инженердик кадрларды, технологдорду даярдоо боюнча орундарды жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын түзүү;
– өнөр жай объекттеринде технологдорду, инженерлерди, техниктерди, технологиялык жабдуулардын операторлорун, ар кандай деңгээлдеги жетекчилерди өндүрүштүк окутууну жана даярдоону уюштуруу;
– Чүй облусунун кесиптик лицейлеринин базасында жумушчу кадрларды кесиптик окутуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
5-артыкчылыктан күтүлгөн натыйжалар
5-артыкчылыктын иш-чараларын ишке ашыруу Кыргызстандын жаңы базальт өнөр жайы тармагынын заводдору жана ишканалары үчүн адис кадрларды даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылат.
6. Негизги керектөөчүлөр
Ички рынокто базальт буласынын негизиндеги материалдарды колдонуу чоң потенциалга ээ жана башкы стратегиялык милдет негизги багыттарда импортту алмаштыруу маселесин чечүү болуп саналат.
6.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Базальт үзгүлтүксүз булалары жана бекемдөөчү композиттик материалдар өлкөнүн курулуш тармагында кеңири колдонулушу мүмкүн, атап айтканда, бул композиттик арматура, бетонду көлөмдүү арматуралоо үчүн бекемдөөчү базальт буласы, бекемдөөчү торлор, композит профилдер, лист түрүндөгү материалдар, композиттик конструкциялар (импорттук металл конструкцияларынын ордуна). Мындан тышкары, базальттык өрткө каршы материалдар имараттарды жана курулмаларды курууда, ири соода борборлорунда, кампаларда, ошондой эле жооптуу объекттерде (мунайзат заводдору, ЖЭБ, энергетикалык объекттер) татыктуу пайдаланылууга тийиш. Базальт жылуулук изоляциялоочу материалдар – имараттардын жана курулмалардын фасад жана чатырын жылуулоо, өнөр жай курулушу, муздаткыч орнотмолор, жылуулук трассаларын жылуулоо үчүн сэндвич панелдер.
Агенттиктин катышуусу адистештирилген жумушчу топту түзүү аркылуу камсыз кылынары күтүлөт, анын жоопкерчилигине жаңы курулуп жаткан жана долбоорлонуп жаткан имараттардын жылуулук изоляциясы, мурдагы жылдары курулган турак жай имараттарын оңдоодо жана реконструкциялоодо фасаддардын жылуулук изоляциясы боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу, бекитүү жана илгерилетүү кирет.
6.2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Жол курулушу үчүн базальттын негизинде бекемдөөчү композиттик материалдар – асфальт-бетон жол катмарларын дисперстик көлөмдүк бекемдөө үчүн базальт була, бекемдөөчү жол торлору, бетон жабуулардын (аэропорттор) базальт арматурасы жана базальт булалары, тротуар плиткалары, жантайыңкы жерлерди, дамбаларды бекемдөө үчүн торчолор ж.б.
Ошондой эле жол куруу үчүн композиттик буюмдардын кеңири спектри бар: жарык бергичтердин таянычтары, жол белгилери үчүн мамылар жана конструкциялар, жол белгилери, жол тосмолору, бөлүүчү тилке конструкциялары, түтүктөр, лотоктор, люктар, көпүрөнүн тирөөчтөрү жана аралыктары, вант тростору ж.б.
6.3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Базальт композиттик материалдары жогорку бекемдикке, жылуулукка жана коррозияга туруктуулукка ээ. Аларды энергетикада колдонуу ар түрдүү болуу менен, өзүнө төмөнкү тармактарды камтыйт: жылуулук изоляциялоочу материалдар, жабдуулардын композиттик кабыктары, электр изоляциялоочу материалдар, композиттик таянычтар жана жарык бергичтердин таянычтары, электр өткөргүч зымдарын көтөрүп туруучу мамылары, чакан тоо ГЭСтерин куруу үчүн композиттик түтүктөр, электр өткөргүч зымдарын жана кабелдерди өндүрүү.
6.4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Базальт материалдары айыл чарбасында ар кандай тармактарда пайдалуу болушу мүмкүн, анын ичинде топуракты жакшыртуу, таңгактоо үчүн материалдарды түзүү, өсүмдүктөрдү коргоо жана башка айыл чарба тиркемелери. Базальт материалдарын айыл чарбасында колдонуунун бир нече жолдору: айылдык курулуш үчүн жылуулук изоляциялоочу материалдар, коррозиядан коргоо максатында топурактан коргоочу материалдар, гидро шаймандарды жана сугат каналдарын бекемдөө, сууну сактоо үчүн ар кандай диаметрдеги композиттик түтүктөр, ар кандай чыпкаларды өндүрүү, таңгактоочу материалдарды өндүрүү.
6.5. Коммуналдык чарба
Базальт материалдары коммуналдык чарбада инфраструктураны жакшыртуу, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу жана коммуналдык системалардын натыйжалуулугун жогорулатуу сыяктуу ар кандай маселелерди чечүүдө пайдалуу болушу мүмкүн. Базальт материалдарын коммуналдык чарбада колдонуунун бир нече жолдору булар: суу менен камсыздоо үчүн композиттик басым түтүктөрү, шаарлардын борборлоштурулган жылытуу системалары, шаарлардын канализациясы, магистралдык жылытуу системаларынын жылуулук изоляциясы, коррозияга каршы коргоочу материалдар, таңгактоочу өнөр жай материалдары.
6.6. Жогорку технологиялуу чет өлкөлүк өндүрүш
Базальт продукциясын экспорттоо боюнча чексиз мүмкүнчүлүктөр бар. Дүйнөдө автомобиль, кеме куруу, авиация, көпүрө куруу, телекоммуникация, энергетика жана башка тармактарга чоң суроо-талап бар.
Негизги керектөөчү өлкөлөрдүн үч категориясы бар: өзүнүн металлургиялык өнөр жайы жок өлкөлөр; сейсмикалык кооптуу аймактарда жайгашкан өлкөлөр; жогорку технологиялуу продукцияны өндүрүүчү өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр (Корея, Япония, Европа биримдиги, АКШ).
7. Ишке ашыруу этаптары
7.1. Биринчи этап 2024–2025-жылдар
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун биринчи этабы төмөнкүлөрдү камтыйт: даярдоо иштерин аяктоо, базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводдун, базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводдун жумушчу долбоорлорун жана деталдуу бизнес-пландарын иштеп чыгуу. Программанын маанилүү элементи болуп биринчи этапта олуттуу көңүл бурула турган ишке потенциалдуу инвесторлорду тартуу саналат.
Биринчи этаптын жыйынтыгы заводдордун имараттарын курууну аяктоо жана талап кылынган инженердик коммуникацияларды киргизүү, ошондой эле технологиялык жабдууларды даярдоо, комплекттөө жана орнотуу болууга тийиш.
2025-жылы “узун” базальт кендерин өнөр жайлык өздөштүрүү жана эксплуатациялоо башталат.
Ченемдик документтер, укуктук жана жөнгө салуучу чечимдер боюнча иштерди жүргүзүү, тармактык мамлекеттик саясатты калыптандыруу, колдоонун финансылык механизмдерин түзүү, адистерди тартуу жана улуттук кадрларды окутуу биринчи этапты толугу менен коштойт.
7.2. Экинчи этап 2026–2028-жылдар
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун экинчи этабы базальт үзгүлтүксүз булаларын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды активдүү өндүрүүнүн башталышы менен мүнөздөлөт, бул өлкөнүн импорттон көз карандылыгын азайтууга мүмкүндүк берет. Базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү башталат. Бул убакыт аралыгында Ош облусунда базальт өнөр жайы тармагындагы объекттерди ишке киргизүү үчүн изилдөө жана даярдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Базальт продукциясын сатуунун глобалдык рынокторун изилдөө боюнча изилдөө жана аналитикалык иштер жүргүзүлөт, негизги керектөөчүлөр менен эл аралык коммуникациялар орнотулат.
7.3. Үчүнчү этап 2029–2030-жылдар
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун үчүнчү этабы экспортко чыгаруу үчүн базальт үзгүлтүксүз булаларын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталат. Базальтка, электротехникалык, кабелдик өндүрүш, электр өнөр жайы, машина куруу, автомобиль өнөр жайы ж.б. өндүрүштөргө байланыштуу чектеш өндүрүштөр башталат. Эл аралык рынокто композиттик материалдарды өнүктүрүүнүн, ошондой эле тармак үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн аркасында базальттык композиттик продукцияны сатуунун өздүк рыноктору менен ири чет өлкөлүк инвесторлор тартылат.
8. Программанын бюджети жана каржылоо принциптери
Бул программаны ишке ашырууну финансылык коштоо төмөнкүлөрдү караган ар кандай булактардын эсебинен камсыз кылынат: республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди камтыган мамлекеттик бюджет; жеке инвестицияларды тартуу; эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун каражаттары; өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу; чет өлкөлүк финансылык институттарды тартуу.
Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү 252,6 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 8,5 млн АКШ доллары республикалык бюджеттин чегинде каржыланат; 0,3 млн АКШ доллары – жергиликтүү бюджеттерден, 96 млн АКШ долларына жакыны – жеке инвестицияларды тартуудан; 0,3 млн АКШ доллары – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан колдоого алынат; 88 миллион АКШ доллары – эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунан күтүлгөн каржылоо; 60 миллион АКШ долларын – ар кандай финансы институттарынан тартуу пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, программада республикалык бюджетке кошумча жүктөө каралган эмес. Республикалык бюджеттен күтүлүп жаткан каржылоонун үлүшү талап кылынган каржылоонун жалпы көлөмүнүн 4 пайызынан азын түзөт. Мындан тышкары, мамлекеттен күтүлүп жаткан каржылоонун көлөмү бюджеттин орто мөөнөттүү болжолдоруна толугу менен шайкеш келет жана бекитилген параметрлерден ашпайт.
Программанын каржылоо түзүмү “Базальт сырье базасын даярдоо жана өздөштүрүү” деп аталган 1-артыкчылыкты ишке ашырууга 2,2 млн АКШ доллары, “Толук өндүрүш циклиндеги биринчи заводдорду түзүү” деп аталган 2-артыкчылыкты ишке ашырууга – 72,4 млн АКШ доллары; “Жогорку технологиялуу базальт продукциясын өндүрүү” деп аталган 3-артыкчылыкты ишке ашырууга – 169,2 млн АКШ доллары; “Чөйрө шарттарын камсыз кылуу жана ченемдик укуктук базаны жаңылоо” деп аталган 4-артыкчылыкты ишке ашырууга – 8 млн АКШ доллары; “Потенциалды, компетенцияларды жана экспертизаларды жогорулатуу” деп аталган 5-артыкчылыкты ишке ашырууга – 0,7 млн АКШ доллары талап кылынары болжолдонот.
Программаны жалпы каржылоонун ичинен программаны ишке ашыруунун биринчи этабында 2024–2025-жылдары – 45,1 млн АКШ доллары; 2026–2028-жылдары – 85,3 млн АКШ доллары; 2029–2030-жылдары – 122,2 млн АКШ доллары талап кылынары пландаштырылууда.
9. Мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Мамлекеттик программаны натыйжалуу ишке ашыруу максатында, иш-чаралар планына ылайык ар бир иш-чаранын сапаттуу жана өз убагында аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча иштер жүргүзүлөт жана маалымат белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет. Иш-чаралар пландарынын алкагында жооптуу аткаруучуларды жана ар бир объект боюнча иштердин мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ички жана ведомстволор аралык графиктер иштелип чыгат.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун прогресси максаттуу индикаторлор системасынын негизинде жүргүзүлөт. Ар кандай инструменттердин жардамы менен иштин кыска мөөнөттүү жыйынтыктарына да, узак мөөнөттүү таасирлерине да баа берилет.
10. Күтүлүүчү натыйжалар
Базальт өнөр жайы тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу процессинде 2030-жылга карата негизги шарттар түзүлөт жана базальт тармагынын биринчи өндүрүшү ишке киргизилет, ал эми 2040-жылга карата (Кыргызстандын базальт тармагынын калыптанышы) төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилет:
– базальт тармагынын физикалык өндүрүшүнүн дүң көлөмү 300 миң тонна даяр продукцияны түзөт;
– ИДПнын түзүмүндө базальт тармагынын кошумча наркынын үлүшү 1,5 пайызды түзөт;
– базальт тармагы өндүргөн даяр продукцияны экспорттоонун көлөмү 1 млрд АКШ долларын түзөт;
– импортту өздүк өндүрүштүн продукциясы менен алмаштыруунун көлөмү 500 млн АКШ долларын түзөт;
– базальт тармагынын бардык субъекттери төлөгөн салыктардын көлөмү 120 млн АКШ долларын түзөт;
– базальт тармагынын субъекттери тарабынан түзүлгөн жогорку өндүрүмдүү жумуш орундарынын саны 3600 адамды түзөт;
– Кыргызстан базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүүчү беш өлкөнүн катарына кирет, ал эми өндүрүштүн көлөмү боюнча дүйнөдө КЭРден кийинки экинчи орунга чыгат;
– экономиканын татаалдыгынын глобалдык индексинде (Economic Complexity Index) базальт тармагын өнүктүрүүнүн аркасында дүйнөнүн алдыңкы 40–45 экономикасынын катарына кирет
| 6-таблица |
1-артыкчылык. Базальт сырье базасын даярдоо жана өздөштүрүү | ||||||||||
Координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | ||||||||||
Ишке ашыруу мезгили: 2024–2028-жылдар | ||||||||||
Натыйжанын көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Жооптуу | 2024-жыл | 2030-жыл | ||||||
Өнөр жайлык эксплуатациялоо үчүн даяр “узун” базальт кени | Эксплуатациялоо үчүн кендин саны | ЖРЭТКМ жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 0 | 2 | ||||||
Каржылоо түзүмү | 2024–2025-жылдар | 2026–2028-жылдар | 2029–2030-жылдар | |||||||
Зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү (миң АКШ доллары менен ) | 1 515 | 690 | – | |||||||
Ишке тартылган КР министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүнгөн каражаттарынын алкагында | 200 | – | – | |||||||
Жергиликтүү бюджет | 100 | – | – | |||||||
Өнүктүрүү фонддору | – | – | – | |||||||
Жеке инвестициялар | 1 215 | 690 | – | |||||||
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | – | – | – | |||||||
Иш-чаралар | Жооптуу | Мөөнөтү | Индикатор | Каржылоо | Булак | |||||
1.1-милдет. Мурда тандалып алынган 3 “узун” базальт кенин өздөштүрүү | ||||||||||
Карьердин казып алуучу жана майдалагыч жабдууларын орнотуу үчүн аянтчаны пландоо, инженердик коммуникацияларды өткөрүү | Чүй жана Ош облустарынын ишке тартылган ЖМА, ОМА | 2024-жыл | Жолду жана инженердик коммуникацияларды кабыл алуу актысы | 300 | Жергиликтүү жана республикалык бюджет | |||||
Кендердин жайгашкан жерин жана инженердик тармактарга талап кылынган жүктөмдөрдүн эсептерин көрсөтүү менен архитектуралык суроо-талапты берүү | Чүй жана Ош облустарынын ишке тартылган ЖМА, ОМА | 2024-жыл | Расмий өтүнмө | – | Жергиликтүү бюджет, жеке инвестор | |||||
Даярдоо иштерин иштеп чыгуу (базальт карьери үчүн лизингдик жабдуу сатып алуу же тартуу, базальт сырьесун казып алуу же даярдоо боюнча карьер түзүү) | ЖРЭТКМ жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Жабдуулардын болушу | 1100 | Жеке инвестициялар | |||||
1.2-милдет. Жаңы базальт кендерин изилдөөлөрдү жүргүзүү | ||||||||||
Чүй жана Ош облустарында базальт буласын өндүрүү үчүн кыйла жарактуу базальт тектери чыккан жерлерди издөө жана тандоо; мурда аныкталган потенциалдуу кен чыккан жерлерден базальттардын үлгүлөрүн тандап алуу жана базальттардын эритиндилерине алгачкы изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын мүнөздөмөлөрүн жана баштапкы булалардын сапатын баалоо | ЖРЭТКМ жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2024–2025-жылдар | Чалгындалган кендер боюнча отчет жана корутунду | 85 | Жеке инвестициялар | |||||
Алгачкы изилдөөлөрдүн натыйжасында оң баага ээ болгон базальттарга тереңдетилген изилдөөлөрдү жүргүзүү | ЖРЭТКМ жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2024–2025-жылдар | Чалгындалган кендер боюнча корутунду | 30 | Жеке инвестициялар | |||||
Үзгүлтүксүз булалардын сыноо партиясын өндүрүү, буланы иштеп чыгуунун технологиялык параметрлерин иштеп чыгуу | Инвестор жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2027-жыл | Продукциянын биринчи партиясы | 210 | Жеке инвестициялар | |||||
Буланын сыноо партияларынын бекемдик, ийилчектик, жылуулук жана химиялык туруктуулук боюнча мүнөздөмөлөрүн баалоо | Инвестор, БҮБ заводунун лабораториясы (макулдашуу боюнча) | 2027-жыл | Изилдөө жүргүзүү актысы | 10 | Жеке инвестициялар | |||||
Базальт үзгүлтүксүз буласын өндүрүүнүн техникалык регламенттерин жана техникалык шарттарды иштеп чыгуу | ЖРЭТКМ жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2027-жыл | Бекитилген регламенттер | 90 | Жеке инвестициялар | |||||
1.3-милдет. Өздүк лабораториялык базаны түзүү | ||||||||||
Өздүк лабораториялык базаны түзүү | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2026-жыл | Лабораторияны эксплуатациялоого кабыл алуу актысы | 380 | Жеке инвестициялар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 7-таблица |
2-артыкчылык. Толук өндүрүш циклиндеги биринчи заводдорду түзүү | ||||||||||||
Координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | ||||||||||||
Ишке ашыруу мезгили: 2024–2028-жылдар | ||||||||||||
Натыйжанын көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Жооптуу орган | 2024-жыл | 2030-жыл | ||||||||
Базальт үзгүлтүксүз буласынын жана композиттик материалдардын физикалык продукцияларынын дүң көлөмү | миң тонна жылына | ЭКМ, жеке инвесторлор | 0 | 12ден кем эмес | ||||||||
Базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарынын физикалык продукцияларынын дүң көлөмү | миң тонна жылына | ЭКМ, жеке инвесторлор | 0 | 30 | ||||||||
Базальт тармагынын ИДПдагы кошумчаланган наркы | % | ЭКМ, жеке инвесторлор | 0 | 1,5 | ||||||||
Тармактын бардык субъекттери төлөгөн салыктардын жылдык өлчөмү | млн АКШ доллары | ЭКМ, жеке инвесторлор | 0 | 3,6 | ||||||||
Түзүлгөн жумуш орундарынын саны | адам | ЭКМ, жеке инвесторлор | 0 | 930 | ||||||||
Каржылоо түзүмү | 2024–2025- жылдар | 2026–2028-жылдар | 2029–2030-жылдар | |||||||||
Зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү (миң АКШ доллары менен) | 40 225 | 32 135 | – | |||||||||
Ишке тартылган КР министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүнгөн каражаттарынын алкагында | 205 | 55 | – | |||||||||
Жергиликтүү бюджет | 140 | – | – | |||||||||
Өнүктүрүү фонддору | 31 904 | 25 664 | – | |||||||||
Жеке инвестициялар | 7 976 | 6 416 | – | |||||||||
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | – | – | – | |||||||||
Иш-чаралар | Жооптуу | Мөөнөтү | Индикатор | Каржылоо | Булак | |||||||
2.1-милдет. Даярдык иштери жана техникалык-экономикалык негиздеме | ||||||||||||
Финансылык модели жана деталдуу маркетинг планы менен базальт үзгүлтүксүз буланы жана бекемделген композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду түзүүнүн кеңири бизнес-планын иштеп чыгуу (биринчи кезекте жылына 5 миң тонна) | Инвестор жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Бизнес-пландын болушу | 500 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Жылына 12 миң тонна өндүрүмдүүлүктөгү базальт үзгүлтүксүз буласы жана бекемделген композиттик материалдар заводун куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени, ошондой эле алдын ала долбоорду жеткире иштеп чыгуу жана бекитүү | Инвестор жана долбоордук уюм, долбоордук институт (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы | 50 | Жеке инвестициялар | |||||||
Кыргыз Республикасынын өнөр жай зоналарында базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемделген композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана заводду куруу үчүн бөлүнгөн участокко инженердик коммуникацияларды (жаратылыш газы, электр энергиясы, суу, агын суулар) алып келүү боюнча бардык маселелерди чечүү | Чүй жана Ош облустарынын ишке тартылган ЖМА, ОМА | 2024-жыл | Жер участогун узак мөөнөттүү ижарага берүү актысы | 40 | Жергиликтүү жана республикалык бюджет | |||||||
Жеңилдиктер жана преференциялар аркылуу жагымдуу салык режимин түзүү | ЭКМ | 2026–2027-жылдар | Тиешелүү ЧУАларды кабыл алуу | 20 | Республикалык бюджет | |||||||
Базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемделген композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруунун жумушчу долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | Инвестор жана долбоордук уюм, долбоордук институт (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Заводдун жумушчу долбоорун бекитүү | 250 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Жылына 30 миң тонна өндүрүмдүүлүк кубаттуулуктагы базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени, ошондой эле алдын ала долбоорду иштеп чыгуу жана бекитүүиштеп чыгуу жана бекитүү | Инвестор жана долбоордук уюм, долбоордук институт (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Кабыл алуу актысы | 300 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Кыргыз Республикасынын өнөр жай зоналарында жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана заводду куруу үчүн бөлүнгөн участокко инженердик коммуникацияларды (жаратылыш газы, электр энергиясы, суу, агын суулар) алып келүү боюнча бардык маселелерди чечүү | Чүй жана Ош облустарынын ишке тартылган ЖМА, ОМА | 2024-жыл | Жер участогун бөлүп берүү жөнүндө документ | 250 | Жергиликтүү жана республикалык бюджет | |||||||
Заводдордун жайгашкан жерин көрсөтүү жана инженердик тармактарга талап кылынган жүктөмдөрдү эсептөө менен архитектуралык суроо-талапты берүү | Чүй жана Ош облустарынын ишке тартылган ЖМА, ОМА | 2024-жыл | Расмий өтүнмө |
| Жергиликтүү бюджет, жеке инвестициялар | |||||||
2.2-милдет. Технологиялык жабдуулар менен жабдуу | ||||||||||||
Жылына 5 миң тонна өндүрүмдүүлүктөгү базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводдун биринчи кезеги үчүн технологиялык жабдуулардын комплексин даярдоо жана комплекттөө, фильер кубаттандыруучуларын даярдоо | Инвестор жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2025-жыл | Жабдууну кабыл алуу актысы | 35 000 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Жылына 30 миң тонна өндүрүмдүүлүктөгү базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча завод үчүн технологиялык жабдуулардын комплексин даярдоо жана комплекттөө | Заводго буюртма берүүчү жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2026-жыл | Жабдууну кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы | 28 000 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
2.3-милдет. Заводдорду куруу жана өнөр жайлык ишке киргизүү | ||||||||||||
Базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу жана инженердик коммуникацияларды өткөрүү | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Курулуш иштерин кабыл алуу жана эксплуатация-лоого берүү актысы | 3 600 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана базальт үзгүлтүксүз буласынын технологиялык линиясынын биринчи модулдарын ишке киргизүү жана биринчи партияларын чыгаруу | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2025-жыл | Ишти аткаруу жана актысы эксплуатация-лоого берүү | 180 | Жеке инвестициялар | |||||||
Базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2026-жыл | Курулуш иштерин кабыл алуу жана эксплуатация-лоого берүү актысы | 3 600 | Жеке инвестициялар, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Ишке киргизүү-жөнгө салуу иштери жана базальт жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү боюнча технологиялык жабдууларды ишке киргизүү жана биринчи партияларын чыгаруу | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2027-жыл | Ишти аткаруу жана актысы эксплуатация-лоого берүү | 480 | Жеке инвестициялар | |||||||
Адистерди өндүрүштүк окутуу | Эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2025–2027-жылдар | Зарыл адистердин болушу | 110 | Республика- лык бюджет | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 8-таблица |
3-артыкчылык. Жогорку технологиялуу базальт продукциясын өндүрүү | |||||||||||
Координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |||||||||||
Ишке ашыруу мезгили: 2026–2030-жылдар | |||||||||||
Натыйжанын көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Жооптуу | 2024-жыл | 2030-жыл | |||||||
Базальт тармагынын физикалык продукциясынын дүң көлөмү | миң тонна | ЭКМ | 0 | 12ден кем эмес | |||||||
Тармактын бардык субъекттери төлөгөн салыктардын жылдык өлчөмү | млн АКШ доллары | ЭКМ | 0 | 3,6 | |||||||
Түзүлгөн жумуш орундарынын саны | адам | ЭКМ | 0 | 930 | |||||||
Базальт продукциясын экспорттоонун көлөмү | млн АКШ доллары | ЭКМ | 0 | 80 | |||||||
Өлкөнүн Economy Complexity Index рейтинги | орун | ЭКМ | 69 | 45 | |||||||
Каржылоо түзүмү | 2024–2025-жылдар | 2026–2028-жылдар | 2029–2030-жылдар | ||||||||
Зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү (миң АКШ доллары менен) | 0 | 49 130 | 120 040 | ||||||||
Ишке тартылган КР министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүнгөн каражаттарынын алкагында | – | 55 | – | ||||||||
Жергиликтүү бюджет | – | – | – | ||||||||
Өнүктүрүү фонддору | – | 30 060 | 40 | ||||||||
Жеке инвестициялар | – | 19 015 | 60 000 | ||||||||
Финансы институттары | – | – | 60 000 | ||||||||
Өнүгүү боюнча өнөктөштөр |
|
|
| ||||||||
Иш-чаралар | Жооптуу | Мөөнөтү | Индикатор | Каржылоо | Булак | ||||||
3.1-милдет. Стратегиялык ири өнөктөштөрдү тартуу | |||||||||||
Потенциалдуу стратегиялык өнөктөштөр менен жогорку технологиялуу базальт продукциясын өндүрүү жана сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ЭКМ, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2026–2028-жылдар | Кол коюлган меморандумдар жана макулдашуулар | 30 | Республикалык бюджет, жеке инвестициялар | ||||||
3.2-милдет. Өндүрүштүн жаңы түрлөрүн жана керектүү жабдууларды долбоорлоо, аларды андан ары ишке киргизүү | |||||||||||
Базальт ровингдеринин жана жиптеринин негизинде өндүрүлгөн продукциянын номенклатурасын кеңейтүү менен жылына 12 миң тонна долбоордук өндүрүмдүүлүктөгү базальт үзгүлтүксүз буласын жана бекемдөөчү композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводдун экинчи кезектеги өндүрүшүн түзүү | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2027–2028-жылдар | Жылына 12 миң тонна продукция чыгаруу | 49 000ден кем эмес | Өнүктүрүү фонддору, жеке инвестициялар | ||||||
2040-жылга карата жылына 120 миң тоннага чейинки өндүрүмдүүлүктөгү даяр базальт продукциясын өндүрүү боюнча заводдорду даярдоо жана өстүрүү | Инвестор (макулдашуу боюнча) | 2029–2040-жылдар | Жылына 120 миң тонна көлөмдө продукция чыгаруу | 700 000ден кем эмес | Финансы институттары, жеке инвестициялар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 9-таблица |
4-артыкчылык. Чөйрө шарттарын камсыз кылуу жана ченемдик укуктук базаны жаңылоо | ||||||||||||
Координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | ||||||||||||
Ишке ашыруу мезгили: 2024–2030-жылдар | ||||||||||||
Натыйжанын көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Жооптуу | 2024-жыл | 2030-жыл | ||||||||
Базальт материалдарын колдонуу эске алынган Кыргыз Республикасында долбоорлоонун жана курулуштун жаңыланган курулуш ченемдери жана эрежелери | 10 КЧжЭ | Курулуш агенттиги, ЭКМ | 0 | 10 | ||||||||
Каржылоо түзүмү | 2024–2025-жылдар | 2026–2028-жылдар | 2029–2030-жылдар | |||||||||
Зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү (миң АКШ доллары менен) | 2 847 | 3 202 | 2 088 | |||||||||
Ишке тартылган КР министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүнгөн каражаттарынын алкагында | 2 605 | 3 025 | 2 010 | |||||||||
Жергиликтүү бюджет | – | – | – | |||||||||
Өнүктүрүү фонддору | 83 | 12 | 8 | |||||||||
Жеке инвестициялар | 94 | 80 | 30 | |||||||||
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 65 | 85 | 40 | |||||||||
Иш-чаралар | Жооптуу | Мөөнөтү | Индикатор | Каржылоо | Булак | |||||||
4.1-милдет. Тармактык мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу | ||||||||||||
Базальт материалдарын колдонууну жөнгө салуучу мыкты эл аралык практиканы изилдөө, адаптациялоо жана кабыл алуу | Курулуш агенттиги | 2024–2030-жылдар | КЧжЭ бекитүү | 100 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Курулуш тармагында, жол курулушунда, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада базальт продукциясын пайдалануу, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугу боюнча тармактык мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу | Курулуш агенттиги, ЭМ, САЧКӨМ, ТКМ | 2024–2030-жылдар | Программаны бекитүү | 50 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору | |||||||
базальт өнөр жайы тармагын өнүктүрүү маселесин каржылоонун артыкчылыктуу багыты катары мамлекеттер аралык өнүктүрүү фонддорунун стратегиялык пландарына киргизүү | ЭКМ, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2024–2030-жылдар | Мамлекеттер аралык өнүктүрүү фонддорунун пландары | 15 | Өнүктүрүү фонддору | |||||||
4.2-милдет. Мамлекеттик стандарттарды жана регламенттерди жаңылоо | ||||||||||||
Базальт булаларынын жана бекемдөөчү композиттик материалдардын негизинде продукциянын номенклатурасын түзүү боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Курулуш агенттиги | 2024–2030-жылдар | Ченемдик документтер | 30 | Эксплуатация-лоо чыгымдары-нын ченеминде бекитилген, заказчы-куруучунун кызмат көрсөтүүлөрү-нүн каражаттары-нын эсебинен (негизги капиталга инвестиция-лардын суммасынан 2,9 %) | |||||||
Базальт материалдарын пайдалануу менен долбоорлоону жана курууну караган, атап айтканда: “курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо”, “ички суу түтүк жана канализация”, “имараттардын жылуулугун коргоо”, “мектеп имараттары жана аларды долбоорлоо”, “имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу” менен байланышкан курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңылоо
| Курулуш агенттиги | 2024–2030-жылдар | Ченемдик документтер | 120 | Эксплуатация-лоо чыгымдары-нын ченеминде бекитилген, заказчы-куруучунун кызмат көрсөтүүлөрү-нүн каражаттары-нын эсебинен (негизги капиталга инвестиция-лардын суммасынан 2,9 %) | |||||||
Энергетика, өнөр жай, суу жана коммуналдык чарбада имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу үчүн курулуш тармагында, жол курулушунда өздүк өндүрүштөгү базальттык бекемдөөчү, композиттик жана жылуулук изоляциялоочу материалдарды кеңири колдонууну караган ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Курулуш агенттиги, ТКМ, ЭМ, САЧКӨМ, ӨКМ | 2024–2030-жылдар | Ченемдик документтер | 360 | Эксплуатация-лоо чыгымдары-нын ченеминде бекитилген, заказчы-куруучунун кызмат көрсөтүүлөрү-нүн каражаттары-нын эсебинен (негизги капиталга инвестиция-лардын суммасынан 2,9 %) | |||||||
4.3-милдет. Базальт тармагына өзгөчө статус берүү | ||||||||||||
Кыргыз Республикасындагы өнөр жай аянтчаларына өзгөчө статус берүү | ИУА, ЭКМ | 2024-жыл | Ченемдик документтер | – | Республикалык бюджет | |||||||
4.4-милдет. Инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартуу | ||||||||||||
Композиттик материалдардын эл аралык көргөзмөлөрүнө катышуусу жана өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн маалыматтык жактан жайылтуу | Инвестор (макулдашуу боюнча), ЭКМ | 2024, 2025, 2026, 2027-жылдар | Көргөзмөлөр дө аткарылган иштер жөнүндө делегациянын отчеттору | 100 | Жеке инвестициялар | |||||||
Потенциалдуу сатуу рыногун түзүү максатында эл аралык компанияларыдын, уюмдардын, базальт үзгүлтүксүз буласынын заказчыларынын жана керектөөчүлөрүнүн маалымат базасын колдонуу | ЭКМ жана эл аралык компаниялар, уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2025–2030-жылдар | Базальт продукциясы-нын эл аралык заказчылары | 60 | Жеке инвестициялар | |||||||
Базальт продукциясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана курулуш ченемдерине жана эрежелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө улуттук компанияларга жана потенциалдуу инвесторлорго маалымдоо максатында ар кандай коммуникациялык иш-чараларды уюштуруу | ИУА, ЭКМ, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2025–2030-жылдар | Улуттук компаниялар-дын маалымдуулук деңгээли | 12 | Республикалык бюджет, жеке инвестициялар | |||||||
Потенциалдуу инвесторлордун же өнөктөштөрдүн кызыгуусун жаратуу үчүн сүйлөшүүлөрдү, презентацияларды жана башка иш-чараларды жүргүзүү максатында, композиттик базальт материалдарынын негизги керектөөчүлөрү болгон өлкөлөргө (АКШ, Япония, Германия, Корея, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары ж.б.) эл аралык “бизнес-миссияларды” уюштуруу | ЭКМ, ИУА, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2024–2030-жылдар | Меморандум-дар, протоколдор, контракттар | 70 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору, жеке инвестициялар | |||||||
Базальт материалдары, алардын мүнөздөмөлөрү жана артыкчылыктары, ченемдик документтерге киргизилген жаңылыктар менен тааныштыруу үчүн архитекторлор, долбоорлоо институттары менен масштабдуу консультациялык жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүү | Курулуш агенттиги, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2024–2030-жылдар | Иш-чаранын отчеттору жана протоколдору, катышуучу-лардын саны | 14 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору, жеке инвестициялар | |||||||
Базальт технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен “жашыл” технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу менен байланышкан эл аралык программаларга катышуу | Курулуш агенттиги, ЭКМ, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2024–2030-жылдар | Меморандум-дар, ниети жөнүндө протоколдор жана контракттар | 140 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору, жеке инвестициялар | |||||||
4.5-милдет. Финансылык колдоо | ||||||||||||
Өнүктүрүү институттарынын алкагында изилдөө жана инвестициялык керектөөлөргө каржылоону бөлүү | Өнүктүрүү фонддору (макулдашуу боюнча) | 2024–2025-жылдар | Башкарманын чечими | 60 | Өнүктүрүү институттары жана фонддору | |||||||
Мамлекеттик финансылык инструменттерди пайдалануу (финансылык кепилдик берүү, жабдуулардын лизинги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестицияларды камсыздандыруу) аркылуу инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу жана долбоорлордун рентабелдүүлүгүн жогорулатуу | ЭКМ, ИУА, инвестор (макулдашуу боюнча) | 2024–2030-жылдар | Ченемдик документтер, көрсөтүлгөн колдоонун жалпы көлөмү | 7000 | Республикалык бюджет | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 10-таблица |
5-артыкчылык. Потенциалды, компетенцияларды жана экспертизаларды жогорулатуу | ||||||||||||
Координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | ||||||||||||
Ишке ашыруу мезгили: 2024–2030-жылдар | ||||||||||||
Натыйжанын көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Жооптуу | 2024-жыл | 2030-жыл | ||||||||
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана аналитиканын саны | 12 бирдик | БИМ | 0 | 5 | ||||||||
Окуган адистердин саны | адам | БИМ | 0 | 1000 | ||||||||
Каржылоо түзүмү | 2024–2025-жылдар | 2026–2028-жылдар | 2029–2030-жылдар | |||||||||
Зарыл болгон каржылоонун жалпы көлөмү (миң АКШ доллары менен) | 490 | 120 | 80 | |||||||||
Ишке тартылган КР министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүнгөн каражаттарынын алкагында | 215 | 45 | 30 | |||||||||
Жергиликтүү бюджет | – | – | – | |||||||||
Өнүктүрүү фонддору | 85 | – | – | |||||||||
Жеке инвестициялар | 90 | 75 | 50 | |||||||||
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 100 | – | – | |||||||||
Иш-чаралар | Жооптуу | Мөөнөтү | Индикатор | Каржылоо | Булак | |||||||
5.1-милдет. Илимий-изилдөө жана аналитикалык иш жүргүзүү | ||||||||||||
“Базальт үзгүлтүксүз булаларын жана материалдарын өндүрүү үчүн технологиялар жана жабдуулар. Аларды өнөр жай тармагында, энергетикада, курулуш жана жол куруу тармактарында пайдалануу” деп аталган монографияны даярдоо, жарыялоо | БИМ | 2024-жыл | Монография окуу китебин чыгаруу | 170 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү фонддору | |||||||
Базальт үзгүлтүксүз буласын жана базальт продукциясын өндүрүү менен байланышкан бардык ойлоп табууларды жана технологиялык чечимдерди патенттөө | Технологияларды жана жабдууларды иштеп чыгуучулар (макулдашуу боюнча) | 2024–2030-жылдар | Алынган патенттердин саны | 70 | Жеке инвестициялар | |||||||
Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана заводдун лабораториясынын алдында илимий кадрларды даярдоо жана эл чарбасынын ар түрдүү тармактары үчүн жаңы базальт композиттик материалдарды жана технологияларды иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө борборду уюштуруу | БИМ, КМТУ (макулдашуу боюнча) | 2024–2025-жылдар | Борбордун болушу | – | Республикалык бюджет, бюджеттен тышкаркы каражаттар | |||||||
5.2-милдет. Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо | ||||||||||||
Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында базальт өнөр жайы тармагындагы заводдор үчүн инженердик кадрларды, технологдорду даярдоо боюнча орундарды жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын түзүү | БИМ | 2024–2025-жылдар | Окуган адистердин саны | 200 | Республикалык бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | |||||||
Өнөр жай объекттеринде технологдорду, инженерлерди, техниктерди, технологиялык жабдуулардын операторлорун, ар кандай деңгээлдеги жетекчилерди өндүрүштүк окутууну жана даярдоону уюштуруу | БИМ | 2024–2030-жылдар | Окуган адистердин саны | 210 | Республикалык бюджет, жеке инвестициялар | |||||||
Чүй облусунун кесиптик лицейлеринин базасында жумушчу кадрларды кесиптик окутуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | БИМ | 2024–2026-жылдар | – | – | – | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси
| ||
КР | – | Кыргыз Республикасы |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЖРЭТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
САЧКӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилиги |
ЭМ | – | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ӨКМ | – | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
БИМ | – | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ИУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
Курулуш агенттиги | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
СӨП | – | Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы |
ЖМА жана ОМА | – | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана облустук мамлекеттик администрациялар |
КМТУ | – | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |