Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 9-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №13-сессиясы

 

 

2023-жылдын 09-февралы № 14

 

Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө

 

Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Арчагул айылынын жашоочуларынын аты жок көчөлөргө ат койуп берүү боюнча кайрылууларынын негизинде Шекер айылдык кенеши токтом кылат

 

1. Арчагул айылындагы жаңы конуштун ички көчөсүнө “Терең сай” деп ысым ыйгарылсын, чеги түштүк тарабы Рустем уулу Бауржан,Майлиев Канат, түндүк тарабы Жолдошев Эсен,Такыбай уулу Мирландын кожолук огородуна чейин.

 

2. Жаңы конушка “Терең сай” атындагы көчө деп табличкалар номери менен илинсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

К.Э.Иманалиев