Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-июну ПЖ № 169
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 30-июлундагы ПЖ № 224 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн, 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2025-жылдын 30-июлундагы ПЖ № 224 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Шаршенбаев Мелис | - | Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын төрагасы; |
Абакиров Курманбек | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы; |
Ажиев Садабек Ботобекович | - | Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу; |
Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыкант; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору; |
Акматалиев Каридин Сартбаевич | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти, профессору; |
Ибраев Анарбек Адылович | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин искусство факультетинин деканы; |
Иннокентьева Нургуяна Николаевна | - | С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактардын окутуучусу; |
Кадырманбетова Айнура Кумоновна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери; |
Каныметова Кулайым Кызайбайевна | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти; |
Кариев Бейсен Сергеевич | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектуралык чөйрөнүн дизайны кафедрасынын башчысы; |
Молдалиева Людмила Джапаровна | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу, театр сынчысы; |
Мусаев Манасбек | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору; |
Саламатов Тимур Сагынбаевич | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти, профессору; |
Султанов Сапарбек Асекович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, архитектор; |
Турдубаев Бакытбек Алтыбаевич | - | кинодраматург; |
Усубалиев Таалайбек Сыдыманович | - | Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, жогорку категориядагы реставратор; |
Чаланов Ишенбек | - | С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактардын окутуучусу; |
Шмырина Анна Геннадьевна | - | Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын режиссер-коюучусу. |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген калыптан жана диаметри 29 мм болгон асмадан турат.
Алтын менен капталган, улуттук желектин формасындагы күмүштөн жасалган калып штамповка методу менен жасалат, 27 мм х 17 мм өлчөмүндөгү калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган асма, борборунда Токтогулдун рельефтүү сүрөтү, анын алдында ардак жана даңктын символу болгон лавр бутагынын рельефтүү сүрөтү жайгашкан.
Асманын арткы бегинде төмөнкүдөй жазуу бар:
"Кыргыз Республикасы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акынын лауреаты"
жана белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч тибиндеги илгич бар.
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгиси алтын менен капталган күмүштөн жасалат.
Лауреаттын ардак белгисинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массалары жана салмагы, алардын чектүү четтөөлөрү төмөндө берилген таблицада көрсөтүлгөн.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлери | Номиналдык өлчөмдөрү, мм | Чектүү четтөөлөрү, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Чектүү четтөөлөрү, г |
Негизи | Диаметри | 29,0 | ±0,3 | 925 - пробадагы күмүш | 19,9 | ±0,5 |
Көзөнөгү менен бийиктиги | 33 | ±0,5 | ||||
Калыңдыгы | 3,0 | ±0,05 | ||||
Калып | Туурасы | 27,0 | ±0,5 | 925 - пробадагы күмүш | 10,2 | ±0,2 |
Бийиктиги | 17,0 | ±0,3 | ||||
Негиздин жана калыптын каптоосу | Алтын капталган катмардын калыңдыгы, мкм | 5,0 | ±0,5 | 999 - пробадагы алтын | 0,5 | ±0,5 |
Бириктирүүчү шакекче | Звенонун диаметри | 6,5 | ±0,5 | Латунь зымы | 0,15 | ±0,2 |
Зымдын диаметри | 1,1 | ±0,05 | ||||
Төөнөгүч тибиндеги бекиткич | болот | 0,3 | ±0,2 | |||
Калыптын декоративдик жасалгасы | эмаль, лак |
|
| |||
Лауреаттын ардак белгисинин орточо салмагы | 31 | ±0,5 | ||||
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин ТЕХНИКАЛЫК ЭСКИЗИ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгү кочкул кызыл-күрөң түстөгү булгаары менен капталган, чечилген фаскалары жана 145 мм х 105 миллиметр өлчөмүндөгү контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат.
2. Күбөлүктүн бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, анын алдында алтын түстөгү "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жана улуттук оймо бар.