Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-июну № 339
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекеттик финансыларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өнүктүрүү жана дем берүү фонддорун биринчи этапта ишке ашыруу мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары үчүн жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтом атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө мамлекеттик органдарга карата колдонулат.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 170 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 503 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |