Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-июну ПЖ № 170
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-июнундагы № 151 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын, социалдык стационардык мекемелеринин медициналык кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген врачтарды ишке тартуу жана дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 31-декабрына чейин:
– клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;
– Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген врачтарга негизги иштеген жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракттын же келишимдин негизинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан квартал сайын төлөнүүчү 66 000 (алтымыш алты миң) сом өлчөмүндө врачтын депозитинин суммасы;
– саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр;
2) 2026-жылдын 1-январынан тартып:
– Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;
– Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын реестри боюнча иштеген врачтарга саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизги иштеген жери боюнча түзүлгөн контракттын же келишимдин негизинде квартал сайын төлөнүүчү 66 000 (алтымыш алты миң) сом өлчөмүндө врачтын депозитинин суммасы;
– саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр;
3) 2024-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам врачтарына өзгөчө эмгек шарттары үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизги иштеген жери боюнча төлөнүүчү 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр.
2. 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын врачтык персоналынын кызматтык маяналары 50%га чейин жогорулатылат;
2) орто медициналык персоналдын кызматтык маяналары 20%га чейин жогорулатылат;
3) саламаттык сактоо уюмдарында, социалдык стационардык мекемелерде оорулууларды багууга тартылган кенже тейлөөчү персоналдын (санитаркалар, тазалоочулар), ошондой эле медициналык тез жардамдын айдоочуларынын кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат;
4) С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун, анын ичинде Түштүк филиалында иштеген профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналары 50%га чейин жогорулатылат;
5) социалдык стационардык мекемелердин медициналык персоналынын жана оорулууларды багууга тартылган айрым кызматкерлеринин (санитаркалар, тазалоочулар) кызматтык маяналары саламаттык сактоо секторунда эмгек акыны түзүүнүн теңдөөчү жана бирдиктүү моделинин алкагында кызмат орундардын категориялары боюнча тиешелүү деңгээлге чейин жогорулатылат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн жана чечимдерди кабыл алсын;
2) (КР Президентинин 2026-жылдын 28-июнундагы № 151 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3) төмөнкүлөрдү төлөө механизмин иштеп чыксын:
- түзүлгөн контракттардын негизинде Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайдан кийинки окутуудан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга стипендияны;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге компенсациялык төлөмдөрдү;
4) 2025-жылдын 1-январына чейин медициналык жардам көрсөтүү деңгээли боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын сунушталган типтүү штаттарын иштеп чыксын жана бекитсин;
5) 2025-жылдын 1-январына чейин административдик-башкаруучу, кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын штаттык санын оптималдаштырууну жүргүзсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |