КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-январы №3/I
Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында муниципалдык ишкана түзүү жѳнүндѳ
Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Р.Джекшембаевдин «Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында муниципалдык ишкана түзүү жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап айылдык кенешинин депуттатары белгилешти, Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдикаймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, айыл аймактардын социалдык-экономикалык потенциалын сарамжалдуу пайдалануу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу муниципалдык ишканаларды түзүү үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная речка ѳкмѳтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгарууну камсыз кылуу максатында калкты комплекстүү тейлѳѳ боюнча муниципалдык ишкана түзүлсүн
2. Красная речка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красная Речка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Е.С.Попуца |