Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын
өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фондунун (мындан ары – ӨДФ) каражаттарын түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. ӨДФ мамлекеттик органдарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын үзгүлтүксүз жана талаптагыдай аткаруу, кызматкерлерине дем берүү, социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
3. ӨДФтин каражаттарын түзүү, пайдалануу жана колдонулушун контролдоо тартиби мамлекеттик органдын тиешелүү чечими менен бекитилет.
2-глава. ӨДФти түзүү жана каражаттарынын
көлөмүн аныктоо тартиби
4. ӨДФ республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлөт жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кепилденген төлөмдөрдүн жана өткөн жылдагы салыктык эмес төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана салыктык эмес кирешелердин өсүү коэффициентинин көбөйтүндүсү менен эсептелүүчү көрсөткүчтүн суммасы катары аныкталат.
Салыктык эмес кирешелерди эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүүчү булактардын реестрине (тизмегине) ылайык эсептелет.
ӨДФти түзүүдө төмөнкүлөргө эсептөө жүргүзүлбөйт:
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык максаттуу багыты аныкталган салыктык эмес кирешелерге;
- «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын алкагында, анын ичинде «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен катталган айыптардан түшкөн кирешелерге;
- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна чегерилүүгө тийиш каражаттарга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ӨДФтин каражаттарынын көлөмүн түзүүнүн тууралыгын жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан мурдагы жылдардагы салыктык эмес кирешелерге талдоо жана мониторинг жүргүзүлөт.
6. ӨДФтин каражаттарынын көлөмүн аныктоо үчүн мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте салыктык эмес кирешелерди (салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун салыштыруу актыларына ылайык) жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кепилденген төлөмдөрдү баалайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ӨДФке каражаттарды чегерүү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте казыналык өздүк эсеп (бюджеттик эсеп) ачылат.
8. ӨДФтин каражаттарынын көлөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ӨДФit=Kit*СКit-1+КТit , мында: СКit-1 – мамлекеттик органдардын өткөн жылдагы салыктык эмес кирешелери; Kit – өткөн жылдардагы салыктык эмес кирешелердин өсүү коэффициенти жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Кit=СКit-1/СКit-2–1 ,
эгерде: Кit > 0,5 ⇒ Кit = 0,5; Кit > 0,3 жана 150,0 млн сом < СКit-1 < 300,0 млн сом ⇒ Кit = 0,3; Кit > 0,2 жана 300,0 млн сом < СКit-1 < 500,0 млн сом ⇒ Кit = 0,2; Кit > 0,15 жана 500,0 млн сом < СКit-1 < 1 000,0 млн сом ⇒ Кit =0,15; Кit > 0,1 жана 1 000,0 млн сом < СКit-1 < 1 500,0 млн сом ⇒ Кit = 0,1; Кit > 0,05 жана 1 500,0 млн сом < СКit-1 < 3 000,0 млн сом ⇒ Кit = 0,05; Кit > 0,03 жана 3 000,0 млн сом < СКit-1 < 5 000,0 млн сом ⇒ Кit= 0,03; Кit > 0,015 жана 5 000,0 млн сом < СКit-1 < 10 000,0 млн сом ⇒ Кit= 0,015; Кit > 0,01 жана 10 000,0 млн сом < СКit-1 < 15 000,0 млн сом ⇒ Кit = 0,01; Кit>0,0075 жана 15 000,0 млн сом<СКit-1<20 000,0 млн сом ⇒Кit =0,0075; Кit > 0 жана Кit < 0 жана СКit-1 > 20 000,0 млн сом ⇒ Кit = 0,005; Кit< 0 ⇒ Кit= 0; ӨДФit= КТit;
КТit – мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кепилденген төлөмдөр жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
КТit = 6*БАЭАФit+ТТit+СФit ,
мында: 6*БАЭАФit – мамлекеттик органдардын штаттык санына ылайык 6 айлык эмгек акы фонду; ТТit – мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер, техникалык тейлөөчү персонал жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 11 айга карата тамак-аш жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммалар; СФit – мамлекеттик органдын Социалдык фондго чегерүүлөрү; t – жыл; i – мамлекеттик орган. |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эгерде мамлекеттик органдардын мурунку жылдын атайын эсебиндеги каражаттарынын көлөмү ушул жылдын эмгек акы фондунан көп болсо ӨДФ түзүлбөйт.
91. Эгерде мамлекеттик органдын ушул Жобонун 8-пунктунда белгиленген формула боюнча эсептелген салыктык эмес кирешелеринин суммасы анын 12 айлык эмгек акы фондунун өлчөмүнөн ашып кетсе, кепилденген төлөмдөр жүргүзүлбөйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Календардык жылдын ичинде түзүлгөн жана (же) кайра уюшулган, ошондой эле штаттык санын өзгөрткөн мамлекеттик органдар үчүн өнүктүрүү жана дем берүү фондунун өлчөмү аларды түзүү жана (же) кайра уюштуруу жөнүндө ченемдик укуктук акт күчүнө кирген айдан баштап, ошондой эле эгерде аталган акт айдын биринчи жарымында же ал күчүнө кирген айдан кийинки айда күчүнө кирген болсо, штаттык санды өзгөртүү мезгили үчүн аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. ӨДФ каражаттарын пайдалануунун
жалпы тартиби
10. ӨДФ каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) мамлекеттик органдын ишине тиешелүү маселелер боюнча стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү, буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгуу, чыгаруу, сатып алуу боюнча илимий-изилдөө иштерине ж. б. төлөөгө;
2) мамлекеттик органдардын борбордук аппаратынын, ведомстволук уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге, техникалык тейлөөчү персоналга жана кенже тейлөөчү персоналга иштеги ийгиликтери үчүн мамлекеттик органдын тиешелүү буйруктарынын негизинде бир айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө дем берүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
3) дарылоо максаттары жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчү менен мамлекеттик органдын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
4) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер, техникалык тейлөөчү персонал жана кенже тейлөөчү персонал үчүн тамак-аш жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммаларды төлөөгө;
5) мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген жобого ылайык социалдык-тиричилик маселелерин чечүү, турак жай шарттарын жакшыртуу, анын ичинде турак жай сатып алуу жана куруу үчүн мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын кызматкерлерине кайтарымдуу негизде каражаттарды берүүгө;
6) мамлекеттик органдын натыйжалуу ишин жана инфраструктурасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн курулуш-оңдоо иштерине, санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн машиналарды жана жабдууларды сатып алууга жана мамлекеттик органдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө акы төлөөгө;
7) расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жана башка өкүлчүлүктүү чыгымдарга;
8) мамлекеттик органдын учурдагы иши менен байланышкан чыгымдар, анын ичинде кызматтык сапарларга, байланыш кызмат кызмат көрсөтүүлөрүнө, ижара акысына чыгымдар, транспорттук чыгымдар, коммуналдык чыгымдар, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдар, башка чыгымдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Белгиленсин:
1) ушул Жобонун 10-пунктунун 2, 3, 4-абзацтарында каралган төлөөлөр эмгек акы төлөө шарттарынын курамына кирбейт жана орточо эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү, өргүүлөрдү, жөлөк пулдарды жана он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө эске алынбайт;
2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер, техникалык тейлөөчү персонал жана кенже тейлөөчү персонал үчүн тамак-аш жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммалар иш жүзүндө иштеген убактысы (өргүү күндөрүндөгү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрүндөгү, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү иштерди кошпогондо) үчүн төлөнөт.
4-глава. Эсепке алуу жана отчет берүү тартиби
12. ӨДФ каражаттарын чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
13. ӨДФ каражаттарын тескөөчү жана пайдаланууга жооптуу адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчиси болуп саналат.