Редакцияот 26.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-июну № 2243-VII

К.К.Боконтаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Боконтаев Кубанычбек Кеңешовичтин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнө,  "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Боконтаев Кубанычбек Кенешович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, жеке арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев