Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 370
"Land Asia" (Лэнд Азия) жоопкерчилиги чектелген коомунда жана "RIDBELA" (РИДБЕЛА) жоопкерчилиги чектелген коомунда катышуучу катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө
"Land Asia" (Лэнд Азия) жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "RIDBELA" (РИДБЕЛА) жоопкерчилиги чектелген коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Land Asia" (Лэнд Азия) жоопкерчилиги чектелген коомунда жана "RIDBELA" (РИДБЕЛА) жоопкерчилиги чектелген коомунда жалгыз катышуучу катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте "Land Asia" (Лэнд Азия) жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "RIDBELA" (РИДБЕЛА) жоопкерчилиги чектелген коомуна мүлк комплекси менен бирге көз карандысыз баалоо жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) "Land Asia" (Лэнд Азия) жоопкерчилиги чектелген коомун жана "RIDBELA" (РИДБЕЛА) жоопкерчилиги чектелген коомун "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары киргизсин.
4. "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |