МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жылдын 06-июну № 27-9-2
Майлуу-Суу шаарынын М.Конгантиев (Мира) көчөсүндө жайгашкан мурдагы китеп дүкөнүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты катто департаментинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 08.04.2024-ж. № 01-12-28 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, талкуулап чыгып депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаарынын калкына шарт түзүү тактап айтканда калкты тейлөө борборун ачуу максатында Майлуу-Суу шаарынын М.Конгантиев (Мира) көчөсүндө жайгашкан мурдагы китеп дүкөнүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты катто департаментинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Н.Бостонов |