Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 22
Айыл аймакта айыл өкмөттүн башкаруучулук ишинин жатыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, жумушчу топ түзүү, иш планын жана Жоболорду
бекитүү жөнүндө.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “Жумушчу топ” жөнүндө Жобонун негиздерин угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Орозбеков айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүндө башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча «Жумушчу топ» жөнүндө Жобо 1-тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө Жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин
4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун иш планы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Орзбеков айыл өкмөтүндөгү жаныдан түзүлгөн “Жумушчу топ” Жобонун негизинде иш алып барсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |