НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 27-марты №1
Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылда аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2022-жылда аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин отчету жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар тургундарынын сын-пикирлерин эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Токтом кылат:
1. Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаевдин 2022-жылда аткарган жумуштары кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадмаров |