Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 24
Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Бостон калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков Айыл аймагынын Күлдү айылынын Бостон калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча иш кагаздары айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына сунушталсын.
2. Мамлекеттик төлөмдөрдү камсыз кылуу жагы жергиликтүү бюджет эсебинен, бөлүнгөн беренелерге ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |