Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-апрели № 25
Орозбеков муниципалдык ишканасынын иш планын, бюджетин жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифин бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Орзбеков муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Кошназаровдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесине ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Орозбеков” муниципалдык ишканасынын иш планы жана тарифи 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Орозбеков” муниципалдык ишканасына жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, өндүрүш ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында субсидия катары айыл өкмөттүн бюджетинен 1000 000(бир миллион) сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
3. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттун чарба башчысы З. Максутовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |