МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
XXVII сессиясынын
2024-жыл 06-июну № 27-9-3
Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш Аймактык башкармалыгында жайгашкан жайкы кинотеатрын 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысыз колдонууга макулдук берүү
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 29.04.2024-ж. № 01-05/308 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅩⅤII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын Көк-Таш АБ тургуну П.Ч.Ырысбаевтин маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына, муниципалдык обьекттерди сактап калуу жана техникалык калыбына келтирүү максатында, Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш Аймактык башкармалыгында жайгашкан жайкы кинотеатрын, ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерин жана сарпталган акча каражат чыгымдарын эске алуу менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысыз колдонууга макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |