МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жыл 06-июну № 27-9-4
Майлуу-Суу шаардык Балдар-өспүрүмдөр мектебинин мекемесин убактылуу Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 30.04.2024-ж. № 01-05/320 кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅩⅤII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) имараты, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөндүгүнө байланыштуу, Балдар-өспүрүмдөр мектебинин мекемесин убактылуу балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына жана шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Н.Бостонов |