Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-марты № 3
Ноокат шаарынын аймагында “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү жобосун бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 681 буйругун жетекчиликке жана аткарууга алуу, шаардын аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү жобосун бекитүү максатында Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардын аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн типтүү жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяласын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаарынын мэри У.К. Турганбаевке тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Мадмаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-мартындагы VI чакырылыш XVIII сессиясынын № XVIII-3 токтомуна 1-тиркеме |
Ноокат шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби
§1. Жалпы жоболор жана терминдер
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары - Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2. Типтүү тартип Ноокат шаар мэриясына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
3. Бул Типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер–Ноокат шаар мэриясы жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;
Көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;
Мониторинг жана баалоо - башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;
Милдеттенме–Ноокат шаар мэриясынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же Ноокат шаар мэриясынын материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу - жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган Ноокат шаар мэриясынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук - мамлекеттик бийлик органдарынын же Ноокат шаар мэриясынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
Ноокат шаар мэриясынын башкаруу функциясы – бул уюмдардын, ишканалардын жана шаар мэриясынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), Ноокат шаар мэриясынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;
Башкаруу - уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган Ноокат шаар мэриясы тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат - юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган Ноокат шаар мэриясынын иш-аракети.
§2. Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
4. Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Ноокат шаар мэриясынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт:
1) Жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу,
2) Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу,
3) Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контролдоо жүргүзүү.
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат:
№1 кадам.
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.
№2 кадам.
Ноокат шаар мэриясы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
№3 кадам.
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.
№4 кадам.
Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№5 кадам.
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт.
№6 кадам.
Ноокат шаардык кеңеши жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген).
8. Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жүргүзүү;
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда);
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
9. Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар Ноокат шаардык кеңеши тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт түрүндө, ошондой эле Ноокат шаар мэриясынын чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн.
§3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу
10. Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.
11. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, шаардын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
13. Ноокат шаар мэриясы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
14. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары Ноокат шаардык кеңеши тарабынан өз жыйналыштарында каралат.
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
| М.Ярматов |